“Апрель” интернет-телеканал катары иштей баштады

Мүлкү камакка алынган «Апрель» каналы интернет-телеканал катары сайты жана социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу иштей баштады. Бул тууралуу аталган каналдын башкы редактору Самат Качкынов кабарлады.

– Азырынча «Апрель» телеканалынын лицензиясы бар. Ал артка кайтарып алынган эмес. Демек биздин журналисттик ишмердүүлүгүбүз мыйзамдуу. Болгону эфирге гана чыга албай атабыз, – деди Качкынов.

Мындан бир ай мурда, 9-август күнү кечинде Ички иштер министрлиги соттун чечими менен «Медиа Форум» ишканасынын жана «Апрель» телеканалынын мүлкүн камакка койгон. Бул аракетти бир катар медиа уюмдар жана айрым адамдар сөз эркиндигине басым катары баалап жатышат.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти «Апрель» каналы оор кылмышка шектүү адамдын мүлкү катары камакка коюлганын билдирген.

Каналдын юристтери «Апрелдин» мүлкүн камакка алууну мыйзамсыз деп сотко кайрылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту аны канааттандырган эмес.

«Апрель» телеканалы бир нече оор жана өзгөчө оор беренелерге шек саналып камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *