Араванда мас абалындагы адам саясий партиянын үгүт материалдарын жыртып салгандыгы үчүн 30 миң сом төлөшү керек

Араванда мас абалындагы адам саясий партиянын үгүт материалдарын жыртып салган. Эми ал 30 миң сом төлөшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 11-сентябрда Ош облусунун алдыдагы шайлоого даярдыгы боюнча жыйында айтылды.

Шайлоо штабынын башчысы Ахмаджан Махаммадовдун айтымында, айрым агитаторлор башка партиялардын үгүт материалдарына зыян келтиришет. Жакында Араванда мас адам бир партиянын 4 үгүт материалын жулуп алды. Бул үчүн ага 30 миң сом айып салынган. Ал кишинин мындай айып пулду төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок жергиликтүү бийлик үгүт материалдарын бузгандыгы үчүн жоопко тартылат экендигин айтууга тийиш.

Жыйында белгилүү болгондой, шайлоо күнү шайлоо участкаларында ар бир шайлоочуга бир жолу колдонулуучу беткаптар жана кол каптар берилет. Добуш берүүчү жайдан чыкканга чейин шайлоочу ушул беткапты жана кол капты урнага ыргытуусу керек.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *