Аргентинада далысына бычак сайылып, мыкаачылык менен кордолгон ымыркай тирүү калды

Аргентинада мыкаачылык менен кордолгон ымыркай табылды. Бул тууралуу британиялык “Daily Mail” гезити жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кордолгон ымыркайды көчөдөн эркек киши тапкан. Ошондой эле, баланын далысына бычак сайылып, баштыкка оролгон бойдон ыргытылган.

Ымыркай медициналык тез жардамдан аман-эсен өткөнү белгиленди.

31 жаштагы дене тарбия инструктору Диего Себастьян Пенайо ымыркайдын жанынан өтүп бара жатканда, кыз ыйлай баштаган, ал аны ооруканага алып барган.

Ал ымыркайдын төрөлгөнүнө эки гана күн болгон. Ошол эле учурда, анын денесинде көптөгөн жаракаттар болгон, бирок алардын бири дагы ички органдарга тийген эмес. Ымыркайга “Үмүт” дегенди билдирген Эсперанса деп ысым коюшкан.

Баланын энесинин өздүгү аныкталып, камакка алынган. Аял кыз төрөп, ооруканадан чыгып кеткени такталды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *