Кыяс Молдокасымов: “Айрым гезиттердеги жоромолго караганда, А.Атамбаевдин теги — өзбек, Кокон хандыгына караштуу Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн өзбек сарбаздарынан имиш”

Алмазбек Атамбаев теги тууралу алгачкы маалыматты » Зияббиндин Максым » фондунун төрагасы , раматылык Муктар  Бостонбаев агамдан 10 илгери уккан элем . Анда  Норузбай атту  чоң аталар Полот хандын ( айтылуу молдо Исхак Асан уулу  , 1844-1876 ) жакын кол башчылыгы болуп  ,кийин  Полот хан Кокондун акыркы эгемен ханы катары даргага асылган соң , Абдылабектин кошуунуна кетет .

Атамбаевдин теги — Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн Кокон сарбазыбы?
Айрым гезиттердеги жоромолго караганда, А.Атамбаевдин теги — өзбек, Кокон хандыгына караштуу Пишпек (Бишкек) сепилинде кызмат өтөгөн өзбек сарбаздарынан имиш. Байтик баатыр өз баласы Байсал үчүн өч алуу максатында Пишпектин беги Рахматулланы жигиттери менен жаздоочу жайы Ак-Чийге алдап мейманга чакырып, ал жерден ага сокку урулуп, оор жарадар болгону, кийин орустардын жардамы менен сепил талкаланганда андагы сарбаздар туткундалып, алардын арасында Шахмурат деген өзбек сарбаз ысымын Шама деп өзгөртүп, Байтиктин айылында жашап калганы тууралуу макаланы окуп калдым. Архивдик документтердин арасында 1860-, 1862-жылдары Пишпек сепили Орусия империясы тарабынан каратылып алынганда сепилден туткунга алынган хандыктын өкүлдөрүнүн жана сарбаздарынын тизмеси да бүт катталып, сакталып калган (КРБМА, ф. 3, 53-номерлүү иш кагазы). Бул иш кагаздарындагы туткундардын ысымдары жазылган тизменин арасында Шама же Шахмурат аттуу адам жок. Архивдик бул документтер Атамбаевдин ата теги — Пишпек сепилинде кызмат өтөгөн “Шахмурад аттуу Кокон сарбазы болгон” деген жоромолду жокко чыгарат. Казакстандын Борбордук мамлекеттик архивинин (мындан ары КРБМА) 44-фондуна тиешелүү 41221 номурлуу иш кагазы 1874-жылдын 2-февралындагы Токмок үйөзүнүн болуштуктарындагы түтүн ээлерин каттоого алган маалымат топтомунан турат. Бул иш кагазынын 41-бетинен баштап Ала-Арча болуштугундагы түтүн ээлери, алардын арасында айтылуу Байтик Канаев баштаган көпчүлүктүн тизмеси катталган. Ал эми 61-бетте Шама Сарыбагышев он башы экени, үй-бүлөсүнүн курамы 4 эркек, 3 аялдан тураары жазылган: (КРБМА, 44-фонд, 41221-иш к., 61-бет). Андан кийинки беттен Асанбай Шамин да өз алдынча түтүн ээси экени, үй-бүлө курамы эки адамдан (өзү жана жубайынан) тураары көргөзүлгөн. (КРБМА, 44-фонд, 41221 номурлуу иш кагазы, 61 b-бет). Мына ушул архивдик маалыматтын өзү буга чейин Акбаралы Мусабеков тарабынан “такталган” Алмазбек Атамбаевдин чоң аталары Полот хандын кол башчыларынын бири болгон деген уламыштарды жокко чыгарат. Анткени архивдик документ ырастап тургандай, Кокон хандыгындагы Полот хандын (Молдо Исхактын) жетекчилиги алдындагы боштондук күрөш (1873-1876) мезгилинде Шама жана анын балдары Токмок үйөзүнүн Ала-Арча болуштугунда орун-очок алышып жашап турган. Мурдагы падышалык Орусияга таандык документтер сакталган Алматыдагы архивден табылган бул маанилүү документте Шама Сарыбагышев Талкан болушундагы 9-айылда жашаганы, 70 жашка чыкканы, анын байбичеси Айимхандын 60ка чыкканы, эң кенже уулу Тойгомбай 17ге келгени, чарбасы менен бирге коргончосу жана багы бар экендигинен маалымат алабыз. Бул учурда Шама 10 башылык кызматын уулдарынын бирине өткөрүп бергенин көрүүгө болот. Андан кийинки турган тизмеден Асанбай Шаминдин (документте Исенбай деп туура эмес жазылып калган) 35 жашка келгени, жубайы Макмал 30 жашта болуп, 5 жашар Алыбай деген уулу, 7 жаштагы Сыйнат деген кызы, ошондой эле чакан чарбасы болгонун билүүгө болот. Тизмеде 7-болуп катталган Атамбай Шамин агасы Асанбайдан туура 10 жаш кичүү экенин, жубайы Тилебала 22 жашта болуп, 2 жашар Жаркымбай аттуу уулу бардыгы тууралуу маалыматка ээ болобуз. Эң кызыгы — Атамбайдын кат тааныган сабаттуулугун, он башы жана мергенчи болгондугун да ушул документтен билебиз.
Чынгыш баатырдын таржымалы чындыкка жетеледи
Алай кыргыздарынын көтөрүлүшүнөн жеңиштүү кайткан Мусулманкул 13 жашар Кудаярды хан көтөрүп, Коконго кирет. Ортодо катуу кармашуулар болуп, натыйжада Мурад ханды колдогон кыргыздар жеңилүүгө дуушар болуп, Мурад хан өлтүрүлөт. Ал менен кошо Шералы ханды өлтүрүүгө катышкан кыргыздар кыргынга алынып, катуу жазаланган. Мына ушул кыргынга жана жазалоого кабылган кыргыздардын арасында Шама жана анын туугандары, атасы Норузбай да болгон. Ал учурда Шама 30 жаштын тегерегинде болуп, кандуу окуялардын чордонунда жүргөн. Кыргыздар кыргынга кабылып, жазалоо күчөгөндө Шама (Айдаркенде, Чоң-Кара айылында жаша ган туугандарынын айтуусунда Шамамат деп да айтылат) Кожешкен, Зардалы тоолоруна качып, изин жашырат. Шаманын атасы Норузбай менен Чынгыш баатыр — жашташ, бири-бири кыргыз-казак капсалаңында эрдиги менен өзгөчөлөнгөнүн Белек Солтоноевдун эмгегинен, башка бир катар санжыралардан кездештиребиз. Мына ошол Шаманын уулу Атамбай, андан Ысак, Ысактан Шаршен, анын уулу Алмазбек Атамбаев  учурда кыргыз мамлекет башчысы.
Шамадан Шаршенге чейинки урпактар
Алматыдагы архивден табылган маалыматтарга ылайык, 1815-жылы төрөлгөн Шама Кокондогу капсалаңдуу окуядан улам из жашырып, Чынгыш баатыр менен Сары-Өзөн Чүйгө келгенде жашы отуздарда болгон учур эле. Ал үйлөнүп, үйлүү-жайлуу болгондон кийин да бир топ жыл балалуу болбой жүрүп 1850-жылы тунгуч уулу Асанбай төрөлгөн. Андан кийин да 10 жылдай балалуу болбой жүрүп, 1860-жылы Атамбай жарык дүйнөгө келген. Бирок 1874-жылдын 2-февралындагы Ала-Арча болушундагы элдик каттоого ылайык, Шаманын үй-
бүлөсүндө 3 аялзаты бар экендиги көргөзүлгөн. Демек, Асанбай менен Атамбайдын аралыгында 2 кыз төрөлгөн. Кийинки каттоолордо ал кыздардын ысымдары көргөзүлбөгөнүнө караганда, алар жашы жетип, турмушка чыгып кеткендей. Ошондой эле 1892-жылдагы Талкан болушунун элин каттоого алган учурда (ар бир үч жылда, болуштук шайлоонун алдында, эл каттоо жүргүзүлүп, элдин эсеп-чоту алынып турган) дагы Атамбайдын 8 жашар уулу Жаркымбайдын ысымы гана учурайт. Азырынча Шаршендин атасы Ысактын (Сары-Өзөн Чүй жергесинде Исхак деген ысым Ысак деп аталат) ысымы көргөзүлгөн маалыматты кездештире элекпиз.
Айрым маалыматтарга караган- да Ысак жаш кезинде эле, уулу Шаршен бир жашка караган учурунда (1907-жылдары) кырсыктан улам каза болуп, ымыркай уулун бир жашынан тарта чоң атасы Атамбай торолтуп өстүргөн. Ошондуктан учурда Атамбаевдердин фамилиясында Ысак деген ысым колдонулбай калган. Ал эми Атамбаевдин айрым учурларда өз уруусун Кытай деп атаганы Шаманын чоң аталары Кутуй (Кутай) бийдин ысымы менен байланыштуу.
Күдүктөнгөн суроолор, тактоого негиз жооптор
Шама Сары-Өзөн Чүйгө жер которуп келген учурда 30дун кырындагы жигиттик курагы экен. Мени күдүктөнткөн бир маселе: Шама 30 жашка чейин үйлөнгөн эмеспи, эгер үйлөнсө, анда бала-бакыралуу болгон эмеспи деген суроолор болду. Акыры бул суроого жоопту Баткендеги Чоң-Кара айылынын аксакалдарынан (алар 1959-жылга чейин Кожешкенде жашап келишкен, кийин гана азыркы Чоң-Кара айылы негиз делип, ал жерге көчүрүлгөн), Айдаркен шаарынын тургуну (түбү кожешкендик) 87 жаштагы Каримов Рахманберди аксакалдан алдым. Рахман аванын Атамбаевге тууганчылыгы бар деп угуп калчу элем. 2015-жылы февраль айында анын кандайча тууганчылыгы бар экенин өз оозунан угуу максатында атайын Айдаркенге бардым. Аксакал учурашканда эле: “Жакшылап карачы, кимге окшош экенмин?” – деген суроосун узатты. Жакшылап карасам көгүш тарткан көздөрү, бет түзүлүшү Алмазбек Шаршеновичке түспөлдөшүп кетет экен. Аксакалдын айтымына караганда, Шаманын атасы Норузбай менен анын 4-атасы Ырыскул бир тууган экен.
Шаманын Кокон ордосундагы капсалаңдуу окуядан кийин из жашырып Күн чыгышка (Чүйгө) кеткендиги тууралуу маалыматты Рахманберди ава рахмат ава
мындан 40 жыл алдын чоң атасынан уккан. Чоң атасы көзү өтөөр алдында небересин чакырып, өз чоң атасы Ырыскулдун бир тууганы Шама из жашырып кеткен боюнча дайынсыз болгонун, аны издеп табуусун керээздеп кеткенин Рахман жаштагы Сыйнат деген кызы, ошондой эле чакан чарбасы болгонун билүүгө болот. Тизмеде 7-болуп катталган Атамбай Шамин агасы Асанбайдан туура 10 жаш кичүү экенин, жубайы Тилебала 22 жашта болуп, 2 жашар Жаркымбай аттуу уулу бардыгы тууралуу маалыматка ээ болобуз. Эң кызыгы — Атамбайдын кат тааныган сабаттуулугун, он башы жана мергенчи болгондугун да ушул документтен билебиз. менен дилдери жакын, ынактыгы арткан эле. Чынгыш баатыр ордодогу кызматын өтөп, өз элине кайтканда тоо арасында жашырынып жүргөн аяш уулу Шаманы (же Шамаматты) Чүйгө ала келип, Сарыбагышев деген фамилия менен жашырып, өз балдарынан артык көрсө артык көрүп,кем көрбөй өз калкалоосуна алган. Ал эми Чынгыш баатырдын 1845-жылдары өз айылында, туугандарынын арасында болгонун, 1846-1847-жылдардагы Рахман ава эскерип отурду. Ошондон бери анын кабарын далай издеп, бирок эч майнап чыкпай келгенин айтты. Рахман ава 2001-жылы кыш мезгилинде Бишкекке Оштон учмай болуп, бирок «Манас» аба майданын каптаган коюу тумандан улам бир суткеден ашык Ош аэропортунда калганын, ошондо бир цыган улам айласын кетирип келечегин айтып берем деп ээрчип алганын, акыры «макул, угайынчы» деп кулак төшөсө, ал дароо эле көп жылдан бери тууган издеп убараланып жүргөнүн, издеген тууганы Чүй тарапта бакубат турмушта жашаарын, жакында табышаарын айтат. Бул кабар Рахман аванын өчкөн үмүтүн кайра жандантып, Шаманын дайынын издөөсүн улантат. Ошол кезде Алмаз Шаршенович да досу Эгемберди Эрматовго чоң аталары тууралуу айтып, аны табууга жардам берүүнү суранат.акссакал Эгемберди Эрматов Кокон доору боюнча көркөм чыгармалар- ды жазып жүргөн жазуучу досу Акпаралы Мусабековго кайрылат. Акыры бул жазуучу тууганы Шаманы издеп жүргөн Рахман ава тууралуу Чоң-Кара айылынан угуп, ага жолугат. Сураштыра келсе, экөөнүн тең издегени бир болуп чыгат. Натыйжада туура 160 жылдан кийин туугандар бири-бирин табат.
Атамбаевдин теги башка улутка тиешелүүлүгү жөнүндөгү жоромол тастыкталган жок
Ал эми Атамбаевдин тегине байланыштуу иликтөөбүз, өз учурунда Токтогул, Шабдан, Курманжан датка, Полот хан (Молдо Исхак), Алымкул аталык, Байтик баатыр, Тилекмат аке жана башка инсандардын тарыхын издөө сыяктуу эле архивдеги изилдөөбүздүн “адашкан убактыларындагы азгырыктын” жыйынтыгы болду. Эң башкысы архивдик маалыматтар да, оозеки баяндар да Атамбаевдин түпкү теги башка улутка тиешелүүлүгү жөнүндөгү жоромолду эч тастыктаган жок. Тескерисинче, ал нукура кыргыз тегинен экендиги бышыкталды. ХVIII-XIX кылымда хандыктагы капсалаңдуу окуядан улам ферганалык кыргыздардын өкүлдөрү Чүй, Нарын, Ысык-Көл чөлкөмүнө жер которуп, түбөлүккө мекендеп туруп калган учурлар көп эле болгон. Атагы таш жарган Көлдөгү Сарт аке менен Тилекмат аке бири — Ноокаттан, экинчиси — Кара-Кулжанын Ажыке жайлоосунан жер которуп, касиеттүү Ысык-Көлдү мекендеп, эл башкарып туруп калышса, айтылуу СССР Эл артисти Муратбек
Рыскуловдун чоң атасы Болот Өзгөндөн Жумгал жергесине келип байырлап туруп калган. Анын Акмөөргө болгон арзуусу аркылуу жаамы кыргызга таанымал болду. Урпактары таланты менен ааламга таанылды. Актаңдай акын Арстанбек Буйлаш уулу да Алымбек датканын доорунда Фергана өрөөнүндө болуп, Теңир-Тоого, Көлгө кайтканы маалым. Тарыхта мындай окуялар ондоп саналат. Шаманын таржымалы да ошондой инсандар менен тагдырлаш. (Макала айрым
кыскартуулар менен берилди)

Кыяс МОЛДОКАСЫМОВ

Булак: “Жаңы Агым”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *