Армияга барганда уйкудан кыйналып, сөздүн гүлүн терип кат жазган Алтынбек Сулайманов

– Россиянын Мурманск областынын Североморск шаарында аскердик жашоом өткөн. Чет өлкөгө чыгып кызмат өтөгөнлөрдүн акыркысы биз болуп калдык окшойт. Аскердик жашоосунда жигит эки жылда эң сонун тарбияны көрүп, чыныгы эркектик сапаттарды үйрөнөт. Ал жакта эркелетип олтурган ата-энең жок, түшкө чейин уктай албайсың. Жаңы барып көнүшүп алганча уйкудан кыйналгам. Биздин убакта артынан ата-энеси барат деген уят болчу. Ошондуктан келбей эле койгула дечүбүз. Анан апам айылдан «посылка» жөнөтчү. Анда сонун-сонун алмалар, апамдын тандырга жапкан наны, кургатылган жер-жемиштер болоор эле. Биздин полкто канча аскер болсо баарыбыз ортого коюп жечүбүз. Баарынан да кат жазган учурда сөздөрду тандап, аябай убара тартаар элек. Ата-энебизге классташтарыбызга, досторубузга жазылган каттарды азыр эстесем бир жылмайып алам. Өзүнчө эле поэзия болуп кетчү.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *