Арстан Алайдын “мазактоосуна” күч органдары кайдыгер болууда

Диний араздашуу боюнча шек жаратып, өзүн Кудай атаган Арстан Алайдын коомго жик салып атканы боюнча баа берилбейби? Бузуку ойлору менен «уулап» атканына каршы мыйзам жокпу? Же бул эргулдун «справкасы» барбы? Айтор, суроолор арбын. Албетте, сөз эркиндиги керек, бирок Арстан Алай өзүн Кудайга теңеп, рамкадан чыгып кеткени иренжитүү жаратууда. (Демейде күч органдарынын жетекчилери чектен чыгышып, маселен, Кашкар Жунушалиев, Бакыт Матмусаев жана Жеңиш Разаков «Азия Ньюсту» жабыла сотко беришет, жумурткадан кыр издешип). Ал эми оозуна келгенди оттогон, президент Сооронбай Жээнбековду «мазактаган», ыксыз асылган Арстан Алайга эч кимиси унчугушпайт. Себеби, күч органдарынын башчылары өздөрүнүн кара курсактарынын гана кызыкчылыктарын ойлошот окшобойбу? Ошондой эле мамлекеттин бүтүндүгү, диний араздашууга келгенде укмаксан, көрмөксөн болушканы ушулбу?

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *