Арстан Алайдын тарапташтары 3 миң сом айып пул салынганы боюнча сотко кайрылышты, бирок, сот болбой калды

Бүгүн, 22-октябрда Биринчи май райондук сотунда коомдук ишмер Арстан Алайды колдогон эки кыздын арызы каралмак. Соттук отурум башка күнгө жылды. Бул тууралуу Арстан Алайдын тарапташы Бегимай аттуу кыз билдирди.

Анын айтымында, Арстан Алайды колдоп Ак үйдүн алдына төрт кыз чыккан. Төртөөнүн ар бирине милиция үч миң сомдон айып пул салган. Себебин сурашса, “коомдук тартипти бузгандыгы жана милициянын талаптарына баш ийбегендиги үчүн”  дешкен. Алар салынган айыпты мыйзамсыз деп, аны жокко чыгаруу үчүн Биринчи май райондук сотуна кайрылышкан.

Эске сала кетсек, Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы Арстан Алайдын айткан сөздөрү боюнча кылмыш иши козголгону тууралуу 18-октябрда билдирүү тараткан.

16-октябрда, парламентте депутаттар «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулашкан. Анда Арстан Алай да сөз болуп, анын айткандары экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Зайырбек Эргешов билдирген. Бул билдирүү боюнча Арстан Алайга кайрылсак, ал эс кандай экстремисстик нерсе кылбаганын айткан.

Арстан Алай өзүн «Ааламдын Кудайы» деп жарыялаган маалымат жыйынды 1-октябрда өткөргөн жана социалдык тармактарга ал ушундай сөздү жайылтып келет.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *