Арстанбек Дүйшеевдин баласы дароо башчы болду

2016-жылдан бери Конституциялык сотту жетектеп келаткан Эркин Мамыров төрагалык мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу анын ордуна Карыбек Дүйшеев шайланды. Белгилей кетсек, Карыбек мырза белгилүү мамлекеттик ишмер, 1979-1986-жылдары Жогорку Кеңештин спикери, өкмөт башчы болуп иштеген Арстанбек Дүйшеевдин уулу Карыбек Дүйшеев 1961-жылы атасы Өзгөн районунда аким болуп турганда жарык дүйнөгө келген. 1983-жылы Москвадан Ломоносов атындагы университетти бүтүргөн. 1987-жылдан тартып юридика тармагында иштеген. Өкмөттүн, президенттик аппараттын юридика бөлүмдөрүндө көп жыл эмгектенген. 2013-2014-жылдары Жогорку Кеңештин спикери болуп турган Асылбек Жээнбековго Кеңешчи болгон. Судьялык кызматына ушул жылдын 20-июнунда киришкен. Кошумча маалымат катары айта кетсек, Арстанбек аксакал кезинде бул баласына досу, мамлекеттик ишмер Карыбек Тыналиевдин атын койгон экен.

Булак: «Багыт»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *