Асан Сулайманов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды

Сулайманов Асан Кеңешович Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров кол койду.

А.Сулайманов буга чейин КР ӨКМнин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.

Ал 2003-жылдан бери ӨКМде эмгектенип келет.

А. Сулаймановду КР Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров бүгүн аппараттык кеңешмеде эмгек жамаатка ал тууралуу буйрукту окуп, ишине ийгилик каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *