Видео – Асан Жакшылыков, Кыргыз Эл жазуучусу: “Манаска акаарат айткандар жооп берсин! КТРКнын директору Үсөн Жайнак уулу кызматынан кетсин!”

Бүгүн, 10-октябрда, Бишкекте манасчы Дөөлөт Сыдыков менен режиссер Ырыс Окенова, Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков жана башкалар журналисттерге маалымат жыйын өткөрдү. Алар КТРКнын жетекчиси Жайнак Үсөн уулунун “Манасты ким тааныйт?”, – деп, КТРКдагы Манас жөнүндөгү телеберүүгө каршы чыгып, аны жаптырганына нааразы болуп, анын кызматтан кетишин талап кылышты.

Кыргыз Эл жазуучусу Асан Жакшылыков: “Мамлекеттик символдордун баары Манаска байланышкан. Тилибиз да, дилибиз да, тарыхыбыз да Манаска байланышкан. Анан кантип Манаска акаарат айтып, кыянаттык кылабыз? Мамелекеттин түптөлүшү Манаста турат. Дүйнөлүк чоң эпос бар. Аларды таланттуу адамдар жазган. Биздин Манасты да улуу жазуучулар жазып жатат да. Кыргыз элине кайрылам, туугандар, Телибай тентектерди жолго салууга убакыт келди. Манаска кыянат кылгандар жооп берсин! Мен президентке да кайрылам ушу боюнча. “Манаста” да Манаска каршы чыккан Тазбаймат деген бар. Азыр биздин арабызда ошондой Тазбаймат адамдар пайда болду. Манасчылар бекер күйгөн жок, буларды ыйлатпайлы. Тазбайматтар манастын атынан соода кылганды токтотсун. Мен Манастын мыйзамын жазган кишимин. Урматтуу президент Сооронбай Жээнбеков Манасты сыйлап, Манас академиясын ачты, ал эми КТРКнын директору Жайнаков Манаска акаарат сөз айтып, президенттин саясатына каршы чыккандай ал ким экен? Кызматынан кетсин!”- дешти Жакшылыков жана анын тарапташтары.
Асан Жакшылыковдун айткандарын төмөндөгү видеодон көрүңұз:

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *