Асел Кадырбекова, ырчы: “Жазса өзү жазсын, издесе өзү издесин”

Ырчы Асел Кадырбекова социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына “Бул кыска өмүрдү сый менен өткөрөлү” деген пикири менен бөлүштү. Бул пикирди окуган колдонуучулары Асел Кадырбекова менен Нурлан Насиптин ажырашып, экөө эки жакта жашап жаткандарын социалдык түйүндөрдөн окушкандарын жазышып кайра жарашып бактылуу болууларын тилешти. Ага кошумча экөөнө тең ажыраштыңарбы деген да суроолор берилген.

Бирок бул суроолор жоопсуз калды, ырчылар “ооба” же ”жок” деген да жоопторун жазышкан жок. Мүмкүн ортолорунда бир нерсе болду го жооп жазышпаганына караганда деген шектенүүлөрүн да күйөрмандары жана колдонуучулары билдирүүлөрүн жазып жатышты.  Буга чейин интернет айдыңында ырчы түгөйлөр ажырашып кетти деген маалыматтар тараган.

Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова 2018-жылдын апрель айында баш кошушкан жана азыркы учурда бир кыздын ата-энеси.

Эмнеси болсо да эки жаш түгөйлөр бактылуу болушсун.

“Бул кыска өмүрдү сый менен өткөрөлү.

Бүгүнкү адам эртең топурак. Бир үйдө канча жан болсоң, бири-бириңе коноксуң. Сыйлашсаң тирүүңдө сыйлаш, өлгөндөн кийин ыйлаганда не? Тирүү адамда мүмкүнчүлүк көп болот. Андыктан жытта, сүй, кучакта, аярла, бооруңа кыс! Ар мүнөтүңдү жакындарыңа арна. Бул дүйнөдө эч ким түбөлүктүү эмес. Аллах убакыт берди. Таарыныч, иренжүү, наздануу – булар эч убакта бүтпөйт эгер сен бүтүрбөсөң. Ар жолукканыңда “бир күнү жоготуп алам го” деп кучагыңа кыс. Коштошкондо да “башка көрүшпөй калсамчы” деген ой менен коштош! Сезимиңди- ал сага канчалык кымбат экенин билдир. Убакыттын да, адамдардын да кадырына жете бил.

Жаман көргөн адамыңа өлгөнчө өчөшүп жүргүдөй ал шайтан эмес. Же сен, же ал биринчи кетет. Ошондо өкүнүп калбай тургандай бол. Жакын адамдарыңды баалай бил. Ал бүгүн бар болуусу мүмкүн, эртең бар болуусу мүмкүн. Кийинки күнү бар болобу жокпу, белгисиз. Кийин ал сенден алыстап кетсе, саныңды чаап калба. Жакындарыңды сагындыңбы, бар дагы кабар ал. Изде, сагынып кеттим деп айт…”Ата, апа сиздерди жакшы көрөм!” – деп күндө смс жаз. Сезимиңди убагында айтып үйрөн, кийин кеч болуп калбасын үчүн. Акча, атак-данк, мансап, байлык, сулуулук, машине, кымбат сотка, кымбат кийим булар негизгиси эмес. Эң негизгиси – ата-энеге, бир туугандарга, перзенттерге, башка дагы жашоодогу жакын адамдарыңа деген сезим. Сезим – бул жакшы көрүү, сагынуу, издөө, жактырган адамыңа кабатырлануу ж.б. ушинтип кете берет. Сезимсиз өмүр – текке кеткен өмүр. Бул жашоодо акчабыз көп болгондон көрө, жыгылганда жөлөй турган, ооруганда күйө турган, ыйлаганда соорото турган, кайгырганда жаныңда тура турган, кыйналганда көмөктөшө турган жан-күйөөр жакшыларыбыз көп болсун! Адамдарга эмне берсең, алар сага эки эсе кылып кайтарат. Дилиңдеги өзүмчүлүктү тый! “Жазса өзү жазсын, издесе өзү издесин! Мени эч ким издебейт, мен эмнеге аны издешим керек?!” – дейсиң, билем. Сенин бир ооз жылуу сөзүң анын бүтүндөй жашоосун өзгөртүп жиберүүсү ыктымал. Барды баалай билели, бул өмүр камчынын сабындай кыска. Ушул сөздөрдү окуп жаткан силерди мен аябай жакшы көрөм!”, – деп жазды Асел Кадырбекова.

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *