АША камалууну көздөп жатабы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка чакырылды. Чакырууну милиция кызматкерлери Атамбаевдин Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришти. Бирок, Атамбаев суракка барбай турганын журналисттерге айтып, буга азыркы бийликке ишенбестигин жана мыйзамсыз иштер орун алып жатканын жүйө келтирди. Бардык суроолор боюнча өзүнүн юридикалык өкүлү Сергей Слесаревге кайрылууну сунуш кылды.

ИИМдин Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулушуна байланыштуу быйыл жыл башында жанданган кылмыш ишинин алкагында экс-президентти күбө катары чакырган.

Жалпысынан А. Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда жана мыйзамсыз бошотулушу боюнча ушул кезге чейин ондон ашык мурдагы министр, чиновниктер камалды. Алар түздөн-түз болбосо да, кыйыр түрдө буйрук жогор жактан, демек, ошол учурдагы президенттен болгондугун көрсөтмөлөрүндө билдиришүүдө. Демек, кай жагынан алып караганда да Атамбаев камалары анык болуп калды окшойт…

Буга байланыштуу коомдук ишмер Эдил Байсалов төмөнкүдөй көз карашы менен бөлүштү: “Атамбаев камалгысы келип калган өңдүү. Ал өзүн мыйзамдан жана мамлекеттен мындай одоно түрдө өйдө койбошу керек. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө эч кимдин мындай чакырык таштоого акысы жок. Ал бандиттер менен экстремисттердин лозунгдарын үтүр, чекитине дейре кайталап айтып жатат. Аны жөн койсок, каякка дейре барат?”.

Мындай суроону бир эле Байсалов эмес, ар бир кыргызстандык айтып келет. АШАны чын эле мынча эркелетип жатасыңар?

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *