АША тар чөйрөдө “Райымды биринчи соксом, күздө Соке 61ге чыгат, аны да жайлайм” деп айттыбы?..

Орозонун күнүндө жакшы эле оолугушту. Саясый кырдаалды жасалма негизде курчутууга ашыккандар камчы сабап турушат. Бирок, акырында ынанымдуу факт, туура сөз жеңе турганын эсепке алышыбыз керек.

Эдил Байсаловдун бир жыл мурдагы Алмазбек Атамбаевдин уйгур тектүү достору боюнча иликтөөсүн «Азаттык» бурмалоо менен алып чыгып, Райым Матраимовго чаптап, божомолдуу миллиондорду санады. Мисалы, Байсалов баяндоосунда, «Ака Минералз энд Майнинг» компаниясы чоң долбоорлорго кызыкканы, кийин «Ака-инвест» болуп өзгөргөнү, булардын артында чет элдик Айбибула Нуермаймайти, Айбибула Паливанмухаймайти сыяктуулар катталганы айтылган… Андан эми жаңылык издегендер Атамбаевдин досторун Матраимовго шылтап салууга катуу аракет жасашты. Акыл-эстүү адамдар ынанабы? О.э. 2011-2017-жылдары Кыргызстандан 700 миллион доллардын чыгарылганы жөнүндө сөз болот. Бул боюнча депутат Искендер Матраимов жооп берип, береги сумма апыртылганын, «Исмаил Ата» фондуна 200 миң доллар чамасында демөөрчүлөрдөн которулганын билдирди. Калганы божомол, жалаа…

Аныгында, Кыргызстанга кирип-чыккан чоң суммадагы каражаттарга анчалык деле шектенүүнүн кажети жок. Мурунку бажы төрагасы Азамат Сулайманов мындайча токтолгон: «Бул айтылган акча каражаттарынын бир гана бөлүгү. Анткени, Кытай менен товар айлантуубуз расмий түрдө 2 миллиард доллардан ашты. Акча Россия, Өзбекстан, Казакстан тарапка, ишкерлер кайсы өлкө жакка соода-сатык жүргүзүшсө, ошол жактарга которулуп кетет. Бул рыноктук мамиле жана жашыруун эч нерсе жок.

Суроо туулат: эмне себептен которулган каражаттар бир адамдын атынан болушу мүмкүн? Жообу эң жөнөкөй. Импорт тарабынан 1000 адам иштешсе, ар бири 10 миң, 15 миң доллардан акча которуу кымбат да болот, убакытты да алат. Ошондуктан булар кооперация болуп биригишип, акчаларын которууга аракет кылышат. Мурдатан бери келаткан тажрыйба ушул. Мындан тышкары, бизде валюталык көзөмөл жок, ошондуктан акча эркин жүгүртүлөт, туура көрүнүш» («Элдик медиа»). Сулаймановдун мындай пикирине улай финполдун төрагасы Бакир Тайыров «Азаттыктын» материалы
боюнча ыкчам иликтөө жүргүзгөнүн, айтылган каражаттар «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларында иштеген соодагерлердин импорттук акчасы экенин ырастаган.

Ал эми соцтармактагы козуткучтар эмнеге дүрбөп атышты? Себеби, «Райым» деп оозануу азыркы замандын модасына айланган. Коомду козутууга ашыккандар – Атамбаевдин жана айрым депуттаттык топтордун тарапташтары, фейктер. «Учурда маалыматтык чабуулду кимдер катуу жүргүзсө, эл ошол тарапка ишенет» деген сокур түшүнүктө жашап аткандайбыз. Реалдуу жашоонун көрсөткүчтөрү башка да. Матраимовду бир жарым жыл мурда андагы премьер-министр Исаков бажы төрагасынын орун басарлыгынан мыйзамсыз жумуштан алган, баарыбыз билебиз, саясый кызыл кулактык болгон. Жогорку сотко чейин процесс уланды. Жыйынтыгында, Райым Матраимовдун негизсиз кызматтан алынганы мыйзамдуу түрдө тастыкталды, бирок, каарманыбыз кайра жумушуна баруудан баш тартты. Эмне үчүн? Менимче, ал мифтерден, жалаа жабуудан тажагандай болуп, оолак турууну көздөдү окшойт. Антсе да болбой эле басынтууга, ого бетер артка чегинтүүгө атайын даярдаяган пиар-акциялардын улам бир «шоусу» жаралып атты. Баткакты шыбай берсе эле жугуп калмак беле? Мындай шартта коргонуу, кала берсе каршылык көрсөтүү керек. Көрсө, бул саясый күрөш экен. Өткөн парламенттик шайлоодо бир тууган Матраимовдор 45 миң добуш алышса, президенттик шайлоодо андан үч эсеге көп элдин ишенимине ээ болушкан. Оппоненттер мындай күчтөн коркушуп, алдын ала каралоого алышып, бир жылдан кийинки Жогорку Кеңештин шайлоосунан алыстатууга жанталашып атышат. Бекеринен АША тар чөйрөдө «Райымды биринчи соксом, күздө Соке 61ге чыгат, аны да жайлайм» деп айттыбы? (Акаев, Бакиев, Отунбаева жана Атамбаев дагы 61 жашынан президенттик кызматтан кеткен). Бул жагынан төлгө салып аткандыр. Ооба, ал күчтүү стратег, эки жолу төңкөрүш кылган, саясый чөйрөнү жана элди «айландыра» алат. Көпчүлүк байкабай атат… Кызык. Анын «фокустарына» ишенип, бийликке бел болчу жигиттерди иралды тазалаш керекпи?

Соңунда бир икая эске түшөт да. СССР учурунда эки талапкер шайлоого аттанышып, трибунага биринчи озунганы: «Урматтуу эл-журт, мына бул Назым өзүнүн эки кызын сабап, ооруканага жаткырып салды! Ушуга кантип добуш бересиңер?» деп бакылдайт. Эл чурулдап, беркини жаалап, сөзүн укпай баса беришет. А чындыгында Назымдын кыздары жок экен. Шайлоодон утулуп калат…

Баргы Кусейинов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *