Ашказанын аябастан “ап” этип, натыйжада 7 жылдын ичинде 200дөн ашык ири мүлккө ээ болгон Албек Ибраимов кеч күзгө чейин “капаста” калтырылды

27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун камактагы мөөнөтүн 28-октябрга чейин узартуу чечимин чыгарды. Буга чейин райондук сот Ибраимовду 29-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Аны Жогорку Сот күчүндө калтырган. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы «кампачысы», «кошелёгу» Албек Ибраимовдун “жылдызы” 2010-жылдан кийин жанып, кыска аралыкта чоң-чоң карьералык секириктерди жасаганы баарыбызга маалым. Адамдын түшүнө кирбеген кызматтык баскычтарды басып өттү. «Бийиктен куласаң катуу түшөсүң» демекчи, Бишкек шаарынын мэрлигинен «талп» этип УКМКнын «короосуна» кантип түшүп калганын өзү да байкабай калды. Алкымына баракелде, ишенимдүү адамына таянган куруткур көрүнө ала кетчүдөй байлыкты басыптыр. Ибраимовго: «Дастан» ишканасынын жетекчиси болуп турганда «270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган», «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү  жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген» жана «Бишкектин түштүк четиндеги беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген күнөө менен иш козголуп тергелип жатат. Ошондой эле Апрель окуясынан кийин 200дон ашуун имаратты өзүнө каттатып, жүздөгөн гектар жерлерди ээлеп алган. Эң кызыгы Максим Бакиевге тиешелүү болгон Кой-Таштагы жерди Атамбаевге «мыйзамдаштырып» бергенин укканбыз, экс-ажо учурда ошол жерге салынган хансарайда күн кечирип жатат. Эгер Албек мырза Кытайда ушундай коррупциялык иштерди жасаганда ал  эчак эле атууга кетмек. А түгүл аны  аткан октун акчасын туугандарына төлөтмөк. Салыштырып караганда бизде айкөлдүк мамиле болуп жатканы чындык да. Эң кызыгы 3 сотых жерге ээлик кыла албай жүргөн канчалаган карапайым жарандар бар, ал эми бул эрен 33 гектар жерге үй салганы кимдин болбосун кыжырын кайнатат да. «Жемейдин кусмайы бар» дегендей күнөөсү далилденсе эки эселеп төлөтүп, ошондой эле жазасын дагы өтөшү керек. Мындай  адамдарга Кыргызстанда өлүм жазасы болбогондон кийин өмүрүнүн калган бөлүгүн темир тор артында өткөрүүгө тийиш.

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *