Жаӊы депутат Бектен Сыдыгалиев парламентте ант берип, ыйгарым укуктарын аткарууга киришти

Жогорку Кеӊеште «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча жаӊыдан депутат болгон Сыдыгалиев Бектен Качкыналиевич ант берип өз ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришти. Ал жакында өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда токтоткон Насыр Мусаедин ордуна келди. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров жалпы депутаттардын атынан Бектен Сыдыгалиевди депутат болуп келиши менен куттуктап, анын ишинде ийгиликтерди каалады.

Бектен Сыдыгалиев жогорку билимдүү, буга чейин Улуттук коопсуздук тармагында ар кандай жооптуу кызматтарды иштеп келген.

Белгилей кетсек, «КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө» мыйзамдын талабына ылайык, жаӊы депутат парламентте ант бергенден кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *