Асия Сасыкбаева, ЖКнын 5-чакырылышынын вице-спикери: “Акчанын кулу болбой, шайлоо учурунда арзыбаган акчага сатылбай, идея үчүн күрөшө билсек”

– Асия эже, 23-апрелде «Ата Мекен» партиясы митингге чыгат экен. Ушу тууралуу сиздин ойду уксак?

– 23-апрелде саат 10до «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, Дүйшөн Чотоновдун, Садыр Жапаровдун соту болот. Алар эки жылдан ашык түрмөдө отурушат. Бул азаматтарды Алмазбек Атамбаев «мага каршы чыгасыңар, мага импичмент жарыяладыңар, менин коррупциялык схемаларымдын сырларын ачыктап атасыңар» деген мааниде отургузган. Бир жыл Атамбаевдин доорунда, бир жыл азыркы бийликтин доорунда отурушту, дале отурушат. Менин жеке оюмда, азыркы бийлик деле кайсы бир деңгээлде аларды боштондукка чыгарганга саясый эрки жеткен жок, жетпей атат. Мурунку президенттер кандай болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан ушул президентибиз кандайдыр бир деңгээлде саясый эркин бир муштумга түйүп туруп, чечкиндүү сөздөр менен «бул адамдар саясый куугунтукта болгон, саясый куугунтук менен отургузулган» деп жарын кылыш керек эле. Антпесе, баары бир соттор дагы эле көз каранды, дагы эле өйдө жакты карап турушат. А биз 23-апрелде соттун алдына чыгып, адилеттүүлүктү, акыйкаттыкты талап кылабыз. Бул биздин конституциялык укугубуз. «Мына чыгат, анан чыгат» деп качанкыга чейин отура беребиз?

– Соттук териштирүү кайрадан жанданыш үчүн жаңы жагдай болуш керек беле?..

– Түшүндүм, былтыр биздин юристтер беш жаңы жагдай боюнча сотко кайрадан кайрылып, жооп ала албай коюшкан. Анткени алар «жаңы жагдай эмес» деп айтышкан. Туурасында «өзгөрүүлөр» деп айтылат экен. Алсак, орус жараны Маевскийди отургузду. Ал мурун эле шылуун болчу. Кылмыш иши илгери эле ачылган. Азыр кармалып СИЗОдо отурат. Элди алдап жүрүптүр. Бул биринчи өзгөрүү. Экинчиси, жаңы кодекс чыкты. Үчүнчүдөн, жаңы прокурор келди. Текебаевди, Чотоновду, Жапаровду отургузган Абдил Сегизбаевди кетиришти. Эгер аларды кетирбей иштетсе, анда бир жөн, «аа, булар туура иштептир» деп президент бир ойго кетмек. Андай болгон жок. Аларды өзү алып салды.

– «Илим Карыпбеков камалсын!», «Абдил Сегизбаев камалсын!» «Болот Сүюмбаев камалсын!» ж.б. «Атамбаев өзү баш болгон мурунку бийликтин кадрлары камалсын!» аттуу чакырыктар чыкты…

– Ооба, бул чакырыктар мурунтан эле чыккан. Бирок, биз 23-апрель күнү «Саясый куугунтукта жүргөндөрдү боштондукка чыгаргыла! Актагыла!» деген эң негизги талап менен митингге чыгабыз. Ал эми «камалсын!» дегендерди башынан эле айтып келатабыз. Баары бир камалат! Анткени, бул адамдар мыйзамга каршы иштегендер.

– Мурунку бийликтики түшүнүктүү болду. Алар коркуп, «коррупциялык схемабыздын сырларын ачып салбасын» дешиптир. Ал эми азыркы бийлик эмне үчүн Текебаевди, Жапаровду, Чотоновду боштондукка чыгарбай атат?..

– Менин оюмча, азыркы бийликтин саясый эрки жетпей жатат. Өмүрбек Чиркешович мыйзамчыл, мыйзамды эч качан бузчу эмес, андайга барбайт. Анткени, ал дайыма «өзүм мыйзам чыгарсам, анан кантип өзүм бузмак элем, эч качан бузбайм» деп ар дайым айтат. Жадагалса, 2007-жылы Ала-Тоо аянтында жүргөндө көп эле адамдар келип азгырган, «Акүйдү алабыз» дешип. Анын ичинде чоң-чоң саясатчылар да болушкан. Ошондо да Өмүрбек Чиркешович: «Биз мыйзамды бузбайбыз. Президент өз мөөнөтүнөн эрте кетип калса туура эмес болуп калат. Андан көрө президентти ордуна коюп, жоопкерчилигин көрсөтүп, кетирген каталарын айтып туруубуз керек. Бийликти мыйзамсыз алганга мен таптакыр каршымын» деп туруп алган. Кошумчалап «президенттер Конституция боюнча шайланып, Башмыйзам боюнча мөөнөтү бүткөндө кетип, Кыргызстанда 3-4 жолу ушундай жагдай түзүлсө, ошондо мамтекетте стабилдүүлүк болот. Анан саясый маданият курулат» деп айтканы эсимде.

– «Ата Мекен» партиясынын лидерин баш, калгандарын төш кылып, «кара дуба» окутуп салган. Көрдүңөрбү, ошон үчүн Текебаевдин иши жүрүшпөй атат» деп да айтып жүрүшөт. Буга сиздин оюңуз кандай?

– Балким бирөөлөр окутуп аткандыр. Анткени ошондойго ишенген адамдар болсо кбрек. «Чёрнңя магияны» колдонуп. Андайлар бар. Кептин баары анда деле эмес, Кептин баары өзүбүздө. Биз акчанын кулу болбой, шайлоо учурунда арзыбаган акчага сатылбай, идея үчүн күрөшө билсек…

Маектешкен: Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *