Аскар Шадиев Америкада үй камакка чыкты

«Бир Бол» партиясынын Жогорку Кеңеште отурган өңчөй коррупцияга шектүү депутаттары качан камалат деген кабарды көптөн бери коомчулук кулак түрүп күтүп келет. Тилекке каршы, коррупция менен кылмыш иши козголгон Акылбек Жапаров, Игорь Чудинов, Исхак Пирматовдор кылы кыйшайбай коррупцияны кантип жеңиш керектиги боюнча парламентте акыл айтып сайрап отурушат. Парадокс деп ушуну айтса жарашат.

Ал эми Аскар Шадиев деген дагы бир жеп-ичээр дайынын билдирбей качып кетти. Маалымат булактары Америкада экенин жазышты. Ал эми УКМК дале болсо чек арадан чыккан жок деп ийин куушурса, башкы прокуратура болсо «Кылмыш иши жаңы эле козголду, тергөө жүрүп жатат» -деп билмексен… Кызыгы, Биринчи май райондук соту Шадиев Америкада жүрсө сыртынан үй камагына алуу боюнча чечимин чыгарды.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *