Аскат Мусабеков, ырчы: “Жүрөккө чок салган сулуулар тууралуу азыр айтуу оор”

«Күлүктөн күлүк чыкса, төрт аягы тыбырайт» дегендей, учурда обон созуп, ырчы катары калың журттун катмарына аты таанылып калган улан-кыздарыбыздан уучубуз кур эмес. Баары жипке тизгендей мыкты деп айтуудан алыспыз. Дегенибиз, чыныгы таланттуусу да, капчыгы калыңы да жулунуп чыгып, музыка дүйнөсүн ары-бери чоюп жаткан маалы. Биз аламан агымдын арасында өзгөчө үнү, нукура таланты менен өзү теңдүү ырчылардын сап башында келе жаткан, мүкам үнү менен атпай журттун сыймыгына айланган Аскат мырзаны кепке тарттык…

—Аске, ар бир адам балалыгын эстегенде жүзүндө жылмаюу пайда болуп, бактылуу көз ирмемдерин кубануу менен эстейт эмеспи. Балачакка кайрылып, кепти таттуу кезден баштасак?

—Эң жакшы суроо экен. Мен балалыгым Нарын областындагы Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында өттү. Эс тартканы Ат-Башынын Чар, Босого, Кайнар жана ошондой эле Каманды-Суу деген жайлоолорунда жүрүп чоңойдум. Ырдап, комуз менен обон созуп калганыма тоо койнунда, жаратылыштын, табияттын арасында чоңойгонум өз таасирин тийгизди окшойт. Балалык кезде абдан шок, тентек элем. Менден кийинки иниме «туулган жердин топурагы алтын болот» деп топурак жедирип, сүзмөнүн баштыгын кой десе болбой эмип, уруш уккан күндөр көп болгон. Ойго келбеген жоруктарды жасайт элем. Кыш чилдесинде түтүктөгү сууну шаркыратып агызып ичкенде тиш какшайт эле. Классташтар менен сабакка барып сабактан чыгып жаткан учурлар, тай үйрөтүп ат чапкан мезгилдер көзгө тартылат. Ала-Мышык тоосун караганда шаарга окуймун деп эңсөө келээр эле. Убакыт учкан куш дегендей, келгенден бери билинбей 15 жыл өтүптүр.

—Элде:«Ата – аскалуу зоо, эне – боорундагы булак, ал эми бала – экөөнүн ортосундагы шам чырак» деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай сени ушул даражага жеткирген ата-энең туурасында айта кетсең?

—Ата-энем мен үчүн, жеке эле мен үчүн эмес, бардык бир туугандарым үчүн эң бийик аска-зоо болду. Ар бирибизди шыгыбызга жараша окуу жайга өткөрүп, жогорку билимдүү кылып, келечегибизге кам көрдү. Азыр кенже карындашыбыз гана мектеп окуучусу, калганы ар кесиптин ээлери болду. Атамдар комуз чертип жүргөнүмдү билип, 8-классымда өрүк комуз сатып берди. Анда өрүк комуз чанда болчу. Бир торпокко сатып алганбыз. Ошондо кээ бирөө «килейген торпокту берип комузду неге алат, аны актайбы» деген сөздөр болгон. Бирок, менин келечегиме кайдыгер карабай, көрө билиптир, бүгүн эл алдында ырдап жүрөм.
Ата-энем экөөсү тең эл агартуунун отличниги. Атам мектептин директору болгондуктан чектөөлөр дагы, суроо-талаптар да биз үчүн башкачараак болчу. Балдарга өзүңөр үлгү болушуңар керек деген тарбия менен тартипти бекем кармап чоңойдук. Ошонун баары азыр пайдасы тийип, канга сиңген тарбия жемишин берип жатат.

—Чыгармачылыкка студенттик күндөр шык бердиби?

—Бала кезден жөндөм бар эле, студенттик күндөр шык берди. Билимге сугарылып, тажрыйбаны студент кезде топтодук. Сабактан калбай окудук. Өзгөчө Улукмырза агайдын  сабагына күндө барып, абдан кызыгуу менен окуп жүрдүм. 3-курсумда президенттин стипендиясына татыктуу болуп, ошол жылы биринчи концертимди бердим. Студенттик жылдар эң жакшы күндөр менен эсте калды. Көп нерсени окуп үйрөндүм.

—Жөлөк-таяк болгон бир туугандар айылдабы?

—Бир туугандарым жөнүндө айтсам, баарыбыз жогорку билим алдык. Эң улуу Максат байкем ата-энебиз менен айылда турат. Жеңебиз мугалим. Байкем айыл өкмөттө иштейт. Андан кийинки эжем Бишкекте иштейт. Андан кийин менмин. Менден кийинки иним архитектор болуп эмгектенет. Карындашым англис, түрк, немис, орус тилдери боюнча котормочу. Турцияда 3-4 жылдан бери иштейт. Эң кичүү карындашым мектепте окуйт, сүрөтчү. Мага баардыгы жөлөк-таяк. Кандай учурда болбосун бириңди бириң колдогула, ынтымактуу болгула деп ата-энебиз ар дайым айтып келет. Биз алардын сөзүн жерге калтырбайбыз.

—Эл көзүндө жүргөн кишиге сөз да, сын да көп айтылат, бул жагын кандай жеңип келе жатасың?

—Албетте, эл көзүндө жүргөндөн кийин өйдө-төмөн сөздөр, сын-пикирлер айтылат экен. Эгер сын туура, аргументтүү айтыла турган болсо мен чычалабайм, тарынбайм. Бирок кээ бир учурда барды жок кылып, жокту бар кылып айткан учурлар болот, анда жүрөк ооруйт. Негизи сынга түз көз караштамын, айтылып турушу керек. Сындар туура айтылса кемчиликтеримди оңдогонго аракеттенем.

—Жүрөккө чок салган кыздар көптүр…

—Ушул сурооңуз олуттуу экен. Негизи адам баласы, анын үстүнө искусстводо жүргөн чыгармачыл инсандардын баары сулуулукка өзгөчө баа берээри чын. Мисалы, көз жоосун алган көрктүү ат көрсөң деле «ох» дейсиң да. Анан эми сулуу кыздын жылдыздуу илеби башка. Сөз менен жеткириш кыйын. Жүрөккө чок салгандарын азыр айтыш оор.

—Спортко шык-жөндөм бардыр, дегеним, Азия кубогунун алкагында өткөн футболго кандай таасирлендиң? Биздин команданын оюну купулга толдубу?

—Албетте, биздин футболчулар ойногон оюндарды күйөрмандык кылдым. Иликтеп-жиликтебесем да кызыгып көрөм. Анын үстүнө биздин өлкө ойноп жаткан соң күйөрмандык кылбай коюу мүмкүн эмес. Абдан жакшы оюн көргөзүштү. Акшумкарларга абдан чоң рахмат айтам. Албетте, социалдык тармактарга жазган жокмун, «бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун» дегендей, терең билгендер баасын берсин дедим. Айтор, Кыргызстандын командасы үчүн жан тарттым. Жакшы маанай тартуулашты. Эмгегине жараша мамлекеттин баалаганы да дурус болду. Ал эми мен спорттон сууга сүзүүгө кызыгам. Акыркы жылдары спорттун ушул түрү менен алектенип жүрөм.

Зулпукар Сапанов

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *