Аслан Масхадовдун балдарынын тагдыры

Ичкериянын экинчи президенти, мурдагы советтик офицер Аслан Масхадов 2005-жылдын март айында киши колдуу болуп өлгөн.

Бул табышмактуу болгон. Ал беш жылча тоо арасындагы кичинекей кыштакта ийгиликтүү жашырынып жүргөн соң ишке ашкан. Буга чейин эле анын башы үчүн 300 млн рубль байге сайылганына карабастан!.. Бирок, анын үй-бүлөсүнүн — аялы Кусама, кызы Фатима жана уулу Анзордун кийинки тагдырлары кандай болду?

Кусама Масхадова Ичкерияда 90-жылдарда абдан таасир-дүү болгон саналуу аялдардын бири. Масхадовдун бийлиги тушунда аны артынан “серый кардинал” деп аташа турган. Чечняда аны Раиса Максимовна Михаил Горбачевго таасир эткендей санашчу. Ал эми аялынын ар кандай кеңештеринин жана көрсөтмөлөрүнүн артында көп учурларда анын абдан таасирдүү уруусу – Гордалой тейпинин кызыкчылыгы сезилип турчу.

Бул аялдын башкаруусунда Масхадовдун атынан уюшулган кайрымдуулук фонду – «Маршо» (Свобода) иштеп, Кусама анын президенти болчу.

Кызыгы, Кусама Масхадова 2000-жылдардын башында Владикавказ алдында эркин жашаган. Ал бир нече ирет Россиядан Грузияга барган президент Шеварднадзе аркылуу Москва менен байланышууга аракет кылган.

Чечняда Масхадов 2001-жылдын сентябрында Бесландагы боевиктер менен
сүйлөшүүгө барууга аракет жасаганын айтышат. Москвадан уруксат сурап, макулдук албайт. Түштүк Осетияга өзү тобокел салып барат. Бирок, Ингушетиянын чегарасына чейин гана жетет.

Кусама 2001-жылдын майында кызы Фатима менен Россиядан биротоло чыгып кеткен, алар Малайзияга – уулуна барышкан. Андан соң Дурцияда жана Азербайжанда жашап жүргөн. Батыш журналисттер менен активдүү байланышып, журналисттерди анын күйөөсү – жалгыз легитимдүү лидер экендигине ишендирүүгө далалат кылган.

Ликвидацияланган күйөөсүнүн денесин ага россиялык бийликтер бербей коюшкан. Анын көмүлгөн жери жашыруун сыр бойдон калган. Официалдуу түрдө террорист катары Масхадов эч качан катталган эмес.

2016-жылы Кусама Чечняга Рамзан Кадыровдун жеке чакыруусу боюнча кайтып келген.

«Мага жардамчыларым Кусама катуу оору жана үйүнө келүүнү самайт дешкенде, мен дароо ага официалдуу россиялык паспортту берүүгө жана Россияга келүүгө уруксат бердим, – деген Рамзан Кадыров. -Масхадов тирүү кезинде мени өлтүрүүгө буйрук берген, анын уулу Анзор чет жакта жүрүп мени маскаралап жатат. Бирок, мен Кусамага уруксат бердим. Анын эч күнөөсү жок – ал алсыз аял».

Азыр Кусама Масхадова Чечняда жашайт. Ал пресса менен такыр байланышпайт.

Рамзан Кадыров дал ушул сыяктуу эле республикага Алла Куликованы да – Джохар Дудаевдин жесирин да чакырган, бирок ал бул бийлик тушунда Чечняга барбаймын деп такыр баш тарткан.

Асландын уулу Анзор Масхадов азыр 43 жашта. Ал Европада жашайт, өз атасы тууралуу китеп жазып чыгарды. Европалык ар кандай ММКларда Рамзан Кадыровду жана анын бардык саясатын катуу сындап жүрөт.

Чечнядан болсо ага: сен экинчи чечен согушу тушунда качып жүргөнсүң – Малайзияда жаткансың дешип айыпташат! Буга атасына абдан окшош Анзор: бекинип жаткан эмесмин, ал жакка официалдуу Ичкерия өкүлчүлүгүн ачууга жөнөтүлгөнмүн деп жооп берет.

Азыр Европада Фатима Масхадова – Ичкериянын экинчи президенти да жашайт. Бул аял кыркка чыкты. Ап агасынан айырмаланып, пресса менен байланышпайт жана саясий дебаттарга түшпөйт.

Чечняда 2002-жылы Аслан Масхадов мусулман жолу менен экинчи аялын алганын, ал жаш кыз чечендин Исхой-Юрт айылында экени айтылып келет. Бул аялы россиялык ФСБдан жашынып жүргөн Ичкерия лидерине кыз төрөп берген имиш. Бирок, алардын тагдыры жөнүндө азырынча эч нерсе белгисиз бойдон калууда.

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *