Асланбек Сартбаев, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору: “Генерал Суваналиев УКМКнын төрагасы кызматына татыктуу!”

Учурда соцтармактарда «Комиссар Каттани» талкууга алынууда. Көпчүлүк катмар УКМК төрагалыгына колдоп атышат. Элдин баасы менен эсептешүү керек.
Эске салсак, 1995-жылдан тарта Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Суваналиев ЖК депутаттары катары чогуу иштешип, тилектештик да мамилелери сакталган.

Кийин 2010-жылы бири Оштун губернатору, экинчиси УВД начальниги болуп, кан күйгөн кырдаалды тынчытууга салым кошушкан…

Жээнбеков президенттик кызматына киришкенде, алгач Таласка иш сапары менен барып, Кыргызстандын баардык региондорунда иштеген улуу муундагы кадрларды санап келип, аягында Суваналиевди да атаган. Мунун өзү тарыхтагы белдүү инсандарга берилген баа болчу…

Бүгүн УКМК кризистик мекемеге айланды, мындай шартта, жетекчиликке генерал Суваналиев дайындалса — улуттун коопсуздугу жана тартип камсыздалмак!

Асланбек Сартбаев, “Азия ньюс” гезитинин башкы редактору

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *