Астанада кымбатчылык башталды

Казакстанда азык-түлүк товарлары июлда былтыркы жылдын ушул маалына карата 15,9 % кымбаттады. Бул тууралуу Улуттук экономика министрлигинин Статистика комитети билдирет.

Расмий маалыматтарга караганда, кумшекердин наркы – 65,5 %, акшак -40,4 %, нан – 27,1 %, жашылча-жемиш – 16,7 % жана ун – 12,4 % жогорулады.

Комитет коммуналдык төлөмдөр дагы көтөрүлгөнүн билдирет. Статистикалык маалыматтар боюнча быйылкы жылдын жети айында канализация үчүн тарифтер 25,3 %, муздак суу – 12,4 %, таштанды төлөмдөрү 11,8 % , борбордук жылуулук берүү кызматы -7,3 % кымбаттаган.

Өткөн айда Дүйнөлүк банк “Казакстан. Калыптанууга карай узак жол” аталышындагы баяндамасын жарыялаган. Анда эксперттер күнүмдүк керектелүүчү эң негизги товарларга жана кызматтарга болгон баалардын жогорулашына тынчсызданганын билдиришкен. Дүйнөлүк банктын адистери Казакстан калкынын 14 % жакыр жашайт деп эсептейт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *