Көпкөндүк: СДПКчы Асылбек Жээнбеков мамлекеттик кызматкерлер иштеген кабинетти өзүнө туалет жасатып алыптыр

Төрагалык төрдөн шыпырылган Асылбек Жээнбеков кабинетин төрага Чыныбай Турсунбековго бошотуп берип, өзү кызматсыз калыптыр. Мурда кенен кабинетте чалкалап отурган Жээнбеков Ак үйдүн 3-кабатындагы кадрлар бөлүмүнүн 3 кабинетин (321, 322, 323), кодификация бөлүмүнүн кабинетин (324) коштуруп, 4 кабинетти бириктирип, бирөөнү эс алуучу, бирөөнү жеке даараткана, дагы бирин эс алуучу бөлмө кылыш үчүн бөлдүрүп алыптыр. Ал жерде отурган кызматкерлер кадрлар бөлүмү Жогорку Кеештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкуловдун кабинетине, Кожомкулов өзүнүн орун басары Кадыровдун кабинетине, Кадыров Жогорку Кенештин гаражына көчүптүр. Ал эми кодификация бөлүмү Ак үйдүн короосундагы каттар бөлүмүнүн кабинетине көчсө, каттар бөлүмү көчөгө профсоюздун имаратына көчтү. Албетте, бул “көчүүлөр” абдан чон ынгайсыздыкты жаратат. Ушул убакка чейин кенен Ак үйгө баары батып келип, Жээнбековдун өзүмчүлдүгүнүн айынан канча кызматкерге ынгайсыздык жаралып, нааразы болушууда. Арасынан Асылбекти каргап жибергендери да жок эмес. Эсиниздерге сала кетсек, буга чейин “Республика – Ата Журт” фракциясынан депутат болуп келген Жыргалбек Саматовго кабинет табылбай эки ай кабинет издешкен. Ал эми СДПКчы экс-төрага Асылбек Жээнбеков оюна келгенди жасап, чалчандай береби?! Же төрагалыктан түшсөм да фракциянын лидери болуп калам деп ниет кылып, ал ою ишке ашпай калып, ачуусу менен керек болсо 4 кабинетти бириктирип отурам деп кызматкерлерди кыйнап жатабы?! Асылбек Шарипович, беш маал намаз окуган адамсыз, бирөөгө зыянынызды тийгизбей жүрсөнүз болбойбу?! Пайдан тийбесе, зыянын да тийбесин деген сөз сиздейлерге айтылат.
Элди бозортпой Асилбек Жээнбеков эл барган эле дааратканага барсаныз эмне болот? Кызматкерлерди мыйзамдуу эс алуу учурунда 3-майда жумушка чакыртып, көчтүргөнүнүз адамгерчиликке жатабы? Көпкөндүктүн да чеги болот го?!
Булак: maalymat.kg

 

5 comments

  • Жигит says:

    Асылбек Жээнбеков Акматбек Келдибековго окшоп 7-этажда олтуруп алган жери жок. Парламентти 5 жыл кынк эттирбей башкарды азамат.

  • Тыныбек says:

    Асылбек Жээнбеков жакшы эле адам, андайга барбайт болчу

  • Асанбек says:

    Кайсы жерде отурба сын баратурган жайын аракетин корсо жакшырак 2#1 кв*!

  • Дони says:

    Конечно менинда аяш акем президент болсо 5 кабинетти бириктирип Жогорку Кенештин ичине гараж куруп машинамды коюп коймокмун:)))

  • Феруза says:

    Асылбек Жээнбеков бийликте турган убакта эмне учун ушуга окшогон ушак создор айтылган эмес? Бийликте турган убакта жакшы иштеген, озунун милдетин так аткарган. Кыргызстандын онугусуно чон салымы бар инсан!!!!!!! Оозуна келгенди оттой берген болбойт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *