Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Асылбек Жээнбеков Оштогу митингде эмне деп сүйлөдү?
КООМ Саясат

Асылбек Жээнбеков Оштогу митингде эмне деп сүйлөдү?

“Мен каршымын. 10-15 миң киши көчөгө чыгып алып, көпчүлүктүн эркин тебелеп, көпчүлүк добушун тебелеп, каршы чыгып, өзүнүн каалаган жолуна таңуулаганына каршымын” – деп билдирди бүгүн, 6-октябрда “Биримдик” партиясынан депутаттыкка талапкер Асылбек Жээнбеков Ош шаарындагы митингде.

“Демократияда эмне айтылат? Азчылык көпчүлүккө баш ийиши керек. Көпчүлүк үйүндө тынч отурса, көр-тирилиги менен алектенип жүрсө, 5-6 саясатчы 5-10 миң адамды чогултуп мамлекетибизди ызы-чууга салган туура эмес деп ойлойм” – деди ал.

“Президент Сооронбай Шарипович акыркыга чейин Жогорку Кеңеште отурду. Ал Бишкекте, эч жакка качкан жок. Ал киши мыйзамдуу президент, Конституцияга ылайык, сиздер берген добуш менен бүгүнкү күндө мамлекет башчысы.

Өзгөрүүлөр болсо да мыйзамдуу жол менен болушу керек. Шайлоонун өтүшүнө эл нааразы болду. Бирок, ошол нааразычылыкты угуп, мыйзамдуу чечим кабыл алганга чейин жеткирбей, тополоң салган күчтөр алар провокаторлор, алар шайлоо жөнүндө ойлогон жок, алар мамлекеттен тынчтык кетсин дегендер. Биз ал күчтөргө каршыбыз.  Легитимдүү президент өз укуктарын пайдаланып, бүгүнкү кырдаалга өз чечимин чыгарышы керек. Легитимдүү өкмөт, Жогорку Кеңеш иштеши керек. Андан кийин биз жакшынакай, цивилдүү, коңшуларды сыйлаган, элибиз ынтымакта жашаган мамлекет болбуз” – деп кошумчалады Асылбек Жээнбеков.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады