Ат жалындагы “айкашуу”

Жакында интернетте жамы кыргыз, казак коомчулугун дүрбөткөн тасма пайда болду. Анда кайсы бир казак режиссёру тарабынан аял менен эркектин ат үстүндөгү интимдик мамилеси көрсөтүлгөн. Баарынан кызыгы, болгону 2 минутадан бир аз ашкан эпизоддо эркектин ролун белгилүү актёр, “Кожожаш” фильминде башкы ролду аткарган, 20га жакын казак кинолоруна катышкан КРнын эмгек сиңирген артисти Доктурбек Кыдыралиев жана аялдын ролун белгилүү дирижёр Асанкан Жумакматованын небереси Эрке Жумакматова аткаргандыгында болууда. Сыягы, ат үстүндө дырдай жылаңач болуп эркек менен аялдын жеке мамилесин ойноого казактан эч ким чыкпаса керек. Айтор, бул окуя эки элдин тең абийирин төккөн көрүнүш болууда. Азыр элибиздин менталитетине туура келбеген тасманын режиссёру да, ролду аткаргандар да каттуу жемеге калууда. Балким, казак режиссёру сенсация жаратам деп, ал эми кыргыз актёру менен актрисасы акча үчүн ушундай кадамга барышкандыр? Балким, “биз артисттердин кийген кийимине, баскан, турганына кийлигише албайбыз”,- деп көнүп калган  калган биздин маданият министрлик эски жообун айтып кутулуп кетер. Ошондуктан Казакстандын бийлиги бул тасманы интернеттен алып салуу чарасын көрөр.

Булак: “Майдан. kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *