«Ата Мекен» фракциясына негизинен саткын депутаттар уйугушуптур…

Коомчулук күбө. «Ата Мекен» фракциясындагы депутаттар Өмүрбек Текебаевдин аркасы менен мандатка ээ болушуп, утурумдук бакытка тайраңдашууда. Чоң саясаттагы күтүүсүз оош-кыйыштардын курмандыгы катары Өмүке УКМКнын СИЗОсуна камалды. Аны коргоого ала турган жандоочторунун арасынан күйгөндөрү аз экен. Шыкмаматов, Салянова, Никитенко, анан тийип-качкан Каныбек Иманалиев бар (мунусу кырдаал курчуса илибой кайыкка секирип кетүүгө маш). Натыйжада, Текебаев үчүн фракциясында чындап эки-үч гана депутат тынчсызданып, бийлик машинасына каршы турууда. Эгер Шыкмаматов менен Салянова да камалса, анда «Ата Мекен» партиясына куран окулуп, биротоло бата кылынабы? Дал ушул көрүнүштөн соң баа бериш керек, бүгүн Ө.Чиркешовичти сатып кеткен фракциялаш кесиптештери эртең башка лидердин да башын аттап, жеке кызыкчьшыктары менен жыргал турмушун уланта беришет. Ушундай намысы жок депутаттардын барынан жогу жакшы эмеспи!

Булак: “Азия Ньюс”

4 comments

  • Алмазбек says:

    Буга Текебаев озу куноолуу. Анткени ал Парламентке партиянын ишине берилгени боюнча эмес, акчасына карап алып келген. Азыр Парламентте отурган Ата-Мекендин бир топ депутаттары партияга мучо эмес, акча менен гана келип калган. Муну баарыбыз эле билебиз да.

  • Эрнст says:

    Абдан туура сөз. Мисалы САйдулла Нышанов Текебаевка 100 миң $ берип партиялык тизмеге кирген Кезеги келгенде депутат болгон. ОШол 100 000 доллардын эсебинен БНПны ээлледи -да, кийиреек сатып акчаны капчыгына урду. Азыр мАШАнгын оозун карап турат.

  • Эрнст says:

    Азыр АШАнын оозун карап турат.

  • Эрнст says:

    Абдан туура сөз. Мисалы САйдулла Нышанов Текебаевка 100 миң $ берип партиялык тизмеге кирген Кезеги келгенде депутат болгон. ОШол 100 000 доллардын эсебинен БНПны ээлледи -да, кийиреек сатып акчаны капчыгына урду. Азыр АШАнын оозун карап турат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *