Ата Мекен фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин мамлекетке коркунуч туудурган жагдайга карата кайрылуусу

УКМКнын убактылуу камоо жайында жаткан “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүн, 9-мартта КР ЖКнын төрагасына, жана депуттатарына өзүнүн кайрылуусун жасады. Бул тууралуу “Ата Мекендин” басма сөз кызматы билдирди. Төмөндө кайылуунун тексти толук бойдон берилет.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Бул кайрылууну баштаардан мурун, адегенде Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын убактылуу камоо жайында камалып олтурган мага барып, ал-ахвалымды, ден соолугумду сурап атайы менден кабар алган парламент төрагасына жана фракция лидерлерине чын жүрөгүмдөн ыраазычылык айтып койгум келет! Анткени, бул эң ириде силердин адамдык касиетиңердин бар экенинен кабар берет; себеби силер парламенттик жоопкерчилик деген нерсени терең түшүнүп, мен УКМКнын абагында жатсам дагы мыйзам жагынан алганда, али да болсо парламенттик фракциянын лидери экенимди четке какпай, өзүңөрдү да, мени да сыйлап бул маселеге кылдат мамиле кылганыңар деп түшүнөм.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Мен силерге кандайдыр жеке маселени, жеке көйгөйдү айтып жөн жай кайрылып жаткан жерим жок, биздин мамлекеттүүлүгүбүзгө коркунуч алып келе турган кооптуу кырдаал чукулдап калганын туюп, мамлекет келечегине ичимден уйгу-туйгу болуп, санааркап кайрылып турган кезим! Баарыбызга маалым болгондой, 2017-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев биз иштеп жаткан Жогорку кеңешти таратып, жаңы парламенттик шайлоолорду өткөрүүнү сунуштады. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин парламент тууралуу айткан көз карашын таптакыр башка мааниге бурмалап, “булар мыйзам чыгаруучу эмес, ушак чыгаруучу орган” деген жеке баасын берди. А чынында Бакыт Төрөбаев депутаттарды парламент деген жогорку бийлик органынын түпкү вазипасын, миссиясын түшүнүү менен өз ишине жоопкерчиликтүү болууга гана чакырган. Мен А.Атамбаевдин парламентти таратуу ниетинин тереңинде эмне максаттар, эмне мүдөөлөр жатканын алаканга салгандай даана, так көрүп турам. Биринчиден, сонку учурда Жогорку кенеште болуп жаткан талаш-тартыштар, жандуу дискуссиялар мамлекеттик башкарууда парламенттин ролу эбегейсиз экендигин туюнтуп, саясый кризисти чечүүдө бул органдын мүмкүнчүлүгү барган сайын кеңейип жатканы даана байкалып, талкуулардын денгээли баштагыдан да сапаттуу мүнөз күтө баштады. Кандайдыр орчундуу чечимдерди кабыл алууда жана коомдук-саясый мааниге ээ курч көйгөйлөрдү чечүүдө, ошондой эле мамлекеттин туруктуулугуна, коомдогу бейпилдикке, стабилдүүлүккө карата күтүлчү кокус жагдайларды, коркунучтарды жайгарууда парламенттеги жеке таасири, каалаган учурда каалагандай калчаган дарамети кескин жоголуп баратканын Алмазбек Атамбаев  сезип жатат. А түгүл кийинки учурларда парламенттеги президентке таандык КСДП фракциясына Атамбаев жана аны жандаган жакын чөйрөсүнүн тили өтпөй, мурунку таасири азайып, фракциянын кадамдары чаржайыттанып баратканы көрүнүп турат. Мына ушул себептен ал КСДП фракциясын үчтөн эки бөлүгүн толук кандуу тазалап, өз оюн тартынбай айта билген көз карандысыз, кылган ишине, айткан сөзүнө жеке жоопкерчилик ала билген депутаттардан арылып, анүчүн бүтүндөй парламентти таратып жиберүүгө даяр  турат. Баш-аягы жок, бирине экинчиси эп келбеген, жоопкерчиликсиз билдирүүлөр, жөн эле билдирүүлөр эмес кимдир бирөөлөрдү сөзсүз мазактаган билдирүүлөр Атамбаевдин оозунан ары тез-тез, ары көбүрөөк чыкчу болду: Жогорку кеңештин жалпы аброюна, фракция лидерлерине, депутаттарга, көз карандысыз маалымат каражаттарына, жан-жакабыздагы кошуна өлкөлөргө же алыскы мамлекеттерге, өзүбүздүн карапайым жарандарга, айтор туш келгендин баарына асылган, кемсинткен, шылдыңдаган президенттин кордоо сөздөрүнө тээ башында “ушу киши да ушунтип айтабы?..” деп таң калчу элек, азыр ага да көнө түштүк окшойт. Анткен менен ушунун баарын көз элегинен, сын элегинен өткөрүп жаткан эл өкүлдөрү сыртынан болбосо дагы, жок дегенде ичинен эч бир макул боло албай жан дүйнөсү чайналып, кыйналып жаткан болушу керек,- деп ойлойм… Кыргыз Республикасынын Конституциясында Жогорку кенештин ролунун өзгөчөлүгү таамай көргөзүлгөн, образдуу айтканда, бул орган “баарына макул” деп көзүн алактатып коркуп олтура берген жогорку бийлик бутагы эмес, айтаарга сөзү бар, алысты көрө билчү өткүр көзү бар орган экенин баш мыйзамдагы парламенттик укуктарды жакшылап окусаңыздар баамдайсыздар. Сапаттуу, акыйкат мамлекеттик башкарууну, коомдук биримдикти, стабилдүүлүктү камсыздап турууда Жогорку кенештин мыйзамдык мүмкүнчүлүгү чоң. Атамбаевдин Жогорку кеңешке кескин басым жасап, аны “таратам” деп көкүтүп жатканынын экинчи себеби, ал дагы деле болсо бийликте калгысы келип жатат. 4-марттагы маалымат жыйынында Атамбаевдин “канткен менен,.. мен саясатта кала турган болуп калдым го..” дегени, же “я все таки останусь в политике..” деп айтканы – тээ башында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизмекчи болуп элди референдумга айдактап жаткандагы ниетинен таптакыр айныгандыгын, түз айтканда элди алдаганын ачык көргөзүп турат. Мурда ал конституцияны өзгөртүп жатканынын себебин элге таптакыр башкача түшүндүрбөдү беле? “Бул конституциялык өзгөртүүнү мен өз бийлигимди узартуу үчүн жасап жатканым жок!” деп кайра-кайра, баса белгилеп айтканын баарыбыз эки кулагыбыз менен угуп, көзүбүз менен көрбөдүк беле?! “Саясатта калам го..” деген ниеттин түбүндө бийликти менчиктөө, узурпациялоо жатат, муну мен ачык айтам. Жогорку кеңеш тараса, жаңы шайлоолордун күнү расмий аныкталса, анда эле оңдой берди болуп, алаканын ушалаган президент өз кызматын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, парламенттик шайлоолорго КСДПнын лидери катары кирип барууга ашыгып турган чагы. Атамбаевдин мээлегени премьер-министрлик кызмат, мына ушуну мурда эле эске алып, шашып-бушуп өткөрүлгөн референдумдагы Конституцияда өкмөт башчынын укуктары, кыйла кенейтилип, президенттин укуктары өтө чектелген. Атамбаев премьер министр болуп туруп деле, иш жүзүндө бардык бийликти колуна мыкчыган толук кандуу президент катары Кыргызстандын тарыхында калууну каалап турат. Жогорудагы жылмакай процедура кандайча ишке ашат: парламент тарап, президент кызматынан мөөнөтсүз кеткен соң, мамлекет башчысынын милдетин аткаруу учурдагы президенттин көзү менен тең айланган азыркы премьер-министрге жүктөлөт. Атамбаевдин президенттик кызматын мөөнөтсүз токтоткону өзүнөн кийинки мураскерге чоң мүмкүнчүлүктөрдү берип, президенттик шайлоого катышам деп  чамынып турган башка талапкерлердин даярдыктарына да, алардын потенциалына да чоң жылга чейин шайладык деп эсептеген парламент таркачу болсо, Атамбаевдин административдик ресурсу жана анын чөйрөсү ого бетер күчтөнүп, бийлик бутактарындагы балансты көзүнө илип да койбой, “өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” деген жүрүш менен, керек болсо кол бала премьер министрге да жүгөн салынып, аны каалаган жагына өздөрү каалагандай иштетишет. Атамбаев өлкө келечеги үчүн эң маанилүү шайлоо убагында өлкөнү атайылап парламентсиз, президентсиз калтырып, бир сөз менен айтканда, Кыргыз Республикасын мамлекет катары жетимсиреткени жатат. Президент Алмазбек Атамбаев жеке каалоосун жогору коюшу , өзүн гана ойлогон дымагы Кыргыз мамлекетин акыры жоготуп тына турган жолду көздөй бет алды!

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Жеке бийлигин сактап калуунун аргасын ойлоп, мамлекеттик түзүлүштү биротоло тындым кыла турган жолду тандап, мамлекетти туруктуу башкаруунун, коомдук-саясый туруктуулуктун кепили болгон Жогорку Кеңешти таркатууга бел байлаган президенттин мындай кадамына жол бербөөгө, парламенттин таркашына каршы чыгууга баарыңарды чакырамын! Бийликтен кетип жаткан кетерман президенттин психологиясы – кокус бийлик колунан чыгып кетсе азыркы саясатчылардын баарын кайдадыр тарыхый белгисиздикке карай өзү менен кошо ала кетем деген амалдуу сөз менен кооздолууда, бирок мунун  тереңинде бийликтен кеткиси келбеген каалоонун бар экендиги өтө коркунучтуу.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Кыргыз Республикасынын Конституциясына бир үңүлүп көрсөңүздөр, мамлекеттик башкарууда парламенттин ролу өзгөчө баскычка коюлуп, парламенттик башкаруу деген системага жол ачкан болчу. 2015-жылы элдик добуш аркылуу алган силердин ар бириңердин мандатыңарда, ушулар 2020-жылга чейин депутат болсун деген карапайым калктын үмүтү, ишеними, каалоосу бар эле. Ал эми президент Алмазбек Атамбаевдин мандаты 2017-жылы акырына чыгат. Мына ушул себептен,мамлекеттик башкаруунун мындан аркы туруктуулугунун толук жоопкерчилиги – парламенттин моюнунда. Президенттик шайлоону качан өткөрүүнү, аны уюштурууну бийликтен кетип жаткан президент эмес, бул укуктук вазипа башынан бери эле парламенттики экенине Жогорку Кенеш терең маани берүүсү керек. Жогорку Кеңеш ошол милдетин оозунан жулдуруп, Атамбаевдин кайсы айда, кайсы күнү президенттик шайлоо өтөөрүн жарыялашы – бийликти узурпациялоо болуп эсептелет.

Урматтуу төрага! Урматтуу Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин Фракция лидерлери жана депутаттар!

Жеке мени коргоону башкы максат кылбай, эң оболу мамлекетти, Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын коргоону туу тутуп, жалпы эл шайлаган жогорку органдын мыйзамдык кадырын, статусун татыктуу сактаганы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине терең урматымды билдирип коюуга уруксаат этиңиздер!

Эске салсак Ө.Текебаев “коррупция” жана “алдамчылык” боюнча айыптылууда.

Булак: “КyrgyzToday.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *