“Ата Мекен” шайлоодон баш тартты

Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча жараянга “Ата Мекен” партиясы катышпай турганы белгилүү болду. Партия тараткан маалымат боюнча, алар өлкөдөгү саясий кырдаалдан улам шайлоо калыстык менен өтпөй, бут тосуулар болоорун алдын ала билип ушундай чечимге келишиптир. Бул албетте, алардын өз эрки. Бирок айрым маалыматтар боюнча, акыркы учурдагы ашкере саясатташкан партия менен шайлоого барууга ынтызар талапкерлер табылбай, ошондон улам ушундай чечимге келишкен имиш.  Бара берсе деле болмок, азыркы мөөнөтү бүтүп жаткан Шаардык кеңеште партиянын татыктуу 6 депутаты бар эле, жакшы иштеп шаардыктардын оозуна алынган болчу. Кайран балдар, канаттары кайрылмай болду…

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *