Ата Мекенди коргоо күнүнө карата депутаттар, министрлер жана журналисттер көк бөрү ойношот

Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер жана журналисттер улак тартышат. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов KyrgyzTodayге билдирди.

Анын айтымында, улак тартыш  23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата Бишкектин «Ак-Кула» ат майданында өтөт. Ага жалпысынан 2 же 3 команда катышат.

Белгилей кетсек, мелдешти депутат Канатбек Исаев демилгелеп, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Көк бөрү федерациясы уюштурууда.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *