Ата-Журттан алыс калган тагдырлар

Айтылуу Ала-Бука жергесиндеги кутчу-кушчу уруусунан чыккан Эсенгелди байдын алтынчы уулу Эрбайдын Осмону Кочкоралы, Үкүш, Сүйүнбек аттуу үч уулу менен эл катары “Күйгүмөн” айылында жай турмушта жашоо өткөрүп жаткан кез эле. Аңгыча батыштан алаамат согуш оту жалындап, анын эпкини кыргыздын алыскы тепкедей болгон “Күйгүмөн” айылына да жетет. Эр жигит болуп калган Осмондун Кочкоралысы да эл катары мекенди коргоого аттанат. Кочкоралы генерал Власовдун аткычтар дивизиясына түшөт. Согуштун алгачкы жылдарында эле бул дивизия генерал Власовдун шалаакылыгынан улам толук бойдон курчоодо калып, анан Власовчулар командалык составы менен немецтик Германияга баш ийип кызмат өтөөгө киришет. Дивизия “Орус азаттык армиясы” – “Роа-Русская освободительная армия” деп аталып эми алар куралдарын Советтик армияга каршы сунушат. Кочкоралы Осмоновдун Власовдук дивизияда кандай кызмат өтөгөнү белгисиз. Ал туткундан качып чыгып, партизандарда болгонбу же немецтик концлагерде болгону да табышмак. Бирок, согуш аякгагандан кийин Кочкоралы 1945-жылы кичи мекени Ала-Букага алты саны аман кайтып келиптир. Ата-энеси кайтыш болуп, эки иниси тоголок жетимчиликтин азабын тартып жатканына күбө болуп каңыры түгөйт. Эки инисине тээк болуп жайкерчилик оокат кылганга өтөт. Күндөрдүн биринде Аксынын ал убактагы борбору Кызыл-Жарга жумуштап барып, согуш учурунда туткунга түшүп, Түркстан легионунда жана Власовчу болгон эки киши 25 жылга соттолуп Сибирге айдалып кеткендигин угуп санаага батат. Айылга келер менен Кочкоралы эки инисин ээрчитип түн ичинде жакын тууганы болгон айыл аксакалына келип: “Менде согушта болгондугум жөнүндө эч документ жок, мен дагы жанагы власовчу дегендерден болом. Мени 25 жылга соттоп жиберишсе эки жаш инилеримдин кергөн күнү эмне болот. Согуштан келе жатып Россиядагы бирзаводдон жумуш таап сүйлөшө келди элем, инилеримди да кошо ала кетем. Баардыгы менен коштошо албайм, менин власовчу экенимди бир гана сиз билиңиз”- деп коштошуп айылдан чыгып кетишет.

Ошондо Кочкоралынын иниси Үкүш 15-16 жашаар, Сүйүнбек 12-13 жашаар экен. Бул 1945-жылдын аягы эле. Андан кийин бул үч бир туугандын тагдыр жолу белгисиз бойдон калат. Мүмкүн жашоо үчүн Россиянын кең аймагында жер кезишип, далай азаптуу жолдорду басышкандыр.

Бирок, туптуура 35 жылдан кийин 1980-жылы баягы өспүрүм бала , эми жашы элүүгө таяп калган Үкүш Осмонов тууган издеп Ала-Буканын “Өрүктү” айылындагы туугандарыныкына күтүүсүздөн үй-бүлөсү менен кирип келишет. Туугандар кубанып тозуп алышат. Үкүштүн аялы дондук казак орустардан экен. Уулунун аты Кучкамбай (Көчкөнбай), Галина, Сания деген кыздарын да ала келиптир.

Өзү Кемерово шаарындагы бир заводдо инженер болуп иштеп жатыптыр. Бир кезде балалыгынын изи калган Ала-Бука жергесинде бир жума болуп, Ата-Журтка болгон кусалыгын таратат. Кетээринде: “Кызым Сания мектепти жаңы бүттү, калтырып кетейин, ылайыктуу болсо кийин турмушка бергиле, биздин урпактардан бирөө бул жакта болсун, биз үч бир туугандардан тарагандар ал жакта бир колхоз болуп калдык, биз ал жакка көнүп калдык, туугандар баргыла таанышалы, катташалы” – деп жакшы кебин айтат. Туугандары: “Ой, бул кызың шаардык орус болуп калыптыр, биздин айылга чыдабайт го” – деп кызды калтыртпай коюшат. Бирок андан кийин да Үкүш Осмоновдон кат келип туруптур. Бул жактагы туугандары да шартка байланыштуу аларга барып катташа албай байланыш үзүлүп, арадан дагы 40 жылдай мезгил өтүптүр.

“Катташпаса жат болот” – демекчи, ошентип бир кездеги замандын запкысынан улам,
тагдырдын шамалы менен 74 жыл мурун Ата-Журттан алыска сүрүлүп калган кыргыз үч бир туугандьш кийинки урпактары ата-бабаларынын түпкү мекенинен алыстап, кыргыздын тилинен, дилинен, Манасынан кабарсыз калганда” сезилет.

Ушул жерден бир ой келет. Кийинки эле Кыргызстандан башка жакка кеткен миигранттарынын урпактарынын келечек тагдыры кандай болот? Алар кыргыздын тилин, дилин сактап кала алышабы?

Бирок кызы Саниядан келген катка караганда Укуш Кыргызстандан гезит журналдарды алдыртып үзбөй окуп, кыргыз музыкаларын угуп ата-мекенине болгон кусалыгын таратат экен.

Бул тагдырлар жөнүндө Ала-Букалык Равшан Термечиков маалымат берген эле.

Мен интернет булактары аркылуу Кемеров областындагы Осмоновдордун даректерин таптым. Алар Кемеров областындагы Белово жана Альметьевский шаарларында жашашат экен.

Осмоновдордун урпактары табылып, байланьштар түзүлдү.

Кочкораалы, Үкүш, Сүйүнбектер кайтыш болуп, алардын урпактары Кемерово облусунда турукташып калышкан.

Үкүштүн уулу Көчкөнбай биз менен байланышка чыгышты. Алар Кыргызстандык туугандары менен байланышып, учурдагы кубанычтарына чек жок.

Кушубек Качибеков, жазуучу

Булак: «Факты.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *