Атаганат, тирүүсүндө сыйлашса болмок

Биз адамды негедир өлгөндөн кийин көкөлөтүп калганыбызды мойунга албасак болбойт. А эмне үчүн тирүүсүндө камкордук көрүп, барктап албайбыз. Өмүрүнө коркунуч келгенин ачык көрүп туруп, неге Улан Эгизбаевге жок дегенде үйлөнүптүрсүң, батириң жок экен борбордо деп ошол байлардын боорукери, же өкмөт бир бөлмө үй берип койгон жок? Арийне, ажал деген алптарды деле мойсоп жиберерин билебиз да? Ошол периштелердин бири Улан болгону баарыбызды абдан кейитти.

Ушундай кайгысы күчөп, жардам күтүп турганда мекенчил жигит Имамидин Ташов кол сунуп, Уландын жесир калган келинчегине батир бергенин укканда журтчулуктун жүрөгү оң тарапка козголду. Антсе да айрым көралбастар кыйшалактап чыгышып, тескери ушатууга ынтызар болгондугу өкүнтпөй койбойт. Эй кейбирлер, ушундай кыйын учурда оозуңарды кыл жип менен бууп тургулачы, — ​дегиң келет. Кандай болгондо да Имамидин азаматтыгын дагы бир ирет тастыктады. Эми биротоло айтканыңды эл алдында бекемдеп, батирдин ачкычын тапшырып кой, элдик уул!

Т. Жаркулов

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *