Атактуулар жөнүндө алакандай аңгемелер

Элмирбек чоңколордун тукуму

Амантай Кутманалиев кызуу болсо эле жатаканада жашаган Элмирбек Иманалиевдин эшигин тээп келе берчү экен. Бирок келген сайын Элмирбек үйүндө жок. Акыры бир күнү жолугушат. Амантай адатындай алагүү болуп келип:

– Келсем эле сени таппайм. Деги үйүңө токтойсуңбу?

– Ооба, өткөндө мен жокто келипсиң… – десе Амантай баштайт:

– Эмне жаныңды жейсиң? Малик (Аликеев) сени үйүндөле жүрөт деп айтпадыбы… – деп таза айласын кетиргенде, Элмирбек суроо узаткан экен:

– Элмирбек деген ат эмнеден башталат? Айтчы.

– Эл.

– Малик деген ат эмнеден башталат?

– Мал.

– Анан ошол малга ишенесиңби же элгеби?

– МАЛга да, ЭЛге да ишенбейм.

– Анан кимге ишенесиң?

– Өзүмө.

– А өзүңдүн атың эмнеден башталат?

Амантайды ой басып, ичинен күбүрөнөт. Бир кыйладан кийин өзүнүн ысымы кандай башталары тил учуна келгенде жарпы жазыла каткырган экен.

Торайгырдын кулуну

Акын Кыялбек Урманбетовго журналист Султан Жумагулов телефон чалат:

– Кыке, келбейсиңби. Акча көп, арак ичебиз.

– Мага таптакыр болбойт!

– Койчу, эй! Качантан бери ичпей калдың эле?

– Мен эми мындан ары аракты оозго албай турган болдум.

– Анчалык эмне болду?

– Врачтар өтүмдү алып салып, эми мен анык Торайгырдын кулуну болдум. (Өзү Ысык-Көлдүн Торайгырынан).

Жылкыда өт жок экенин мал киндиктүү атбашылык Султан досу ошондо биринчи жолу билиптир. Досуна арак алып бергис болот. Бирок кийин Кыялбек анда-санда “сеп” этип коюп жүргөнүн бир күнү көрүп калган Султан:

– Эй, сен ит турбайсыңбы. “Экинчи оозума арак алгыс болдум” деп жүрбөдүң беле, – десе, Кыялбектин жообу:

– Ичкиликти итчилик деп сен эми,

Ичкиликти ичпей койгуң келеби.

Ичкиликти иттер ичпейт илгертен.

Мен ичемин, ит эмесмин себеби, – деген экен.

Хобби

Акын-жазуучулар үчүн Дүйшөн Керимов жүргөн жер шаңдуу. Өзү колунда бар чынжырлуу байлардан деле эмес. Бирок капчыктуу байлардай жүрөт. Кенен жүрөт. Пейлин белине байланып алган. Кыргызча жашайт. Ал кишинин “арак ичебиз, кел”- деп телефон чалып турмайы бар. Жалаң мыктыларга сый көрсөткөн жагынан алдына киши салбайт. Халтурщиктерди жанына жуутпайт. Жакшы жазгандар менен гана чөйчөк кагыштырат. Чөйчөктөр сүзүшкөн жерде ыр окулат, арак ичилет. Жакшы ичилет. Көп тамаша айтылат. Чер жазылат. Кадимки “Байдылданын батальону” топтолгондой…

Үйдөн жеңебиз: “сен тапканыңдын 85-90 процентин жалаң акын-жазуучуларга арак алпергенге коротосуң” деп тилдесе, “бул менин хоббим, – дейт экен. – Алардан акчамды аяп, көпөс болгондон эмне табам?” дейт экен. “Акын-жазуучуларды аракка азгырмайын, эч кимиси сырын ачпаган эл. Кимдин ким экени аракка тойгондон кийин билинет”- деп какшайт экен жеңебизге. “Ушул алтымыш жашка келип, мен бир нерсени түшүндүм, чыгармачыл адамдын көңүлүн алып туруш керек”- деп атып катынынын тиягынан чыгып, биягынан чыгып алдап, акыры семейный бюджетти шыпырып алып баса берет экен.

-Ошол Дүйшөн Керимов айтат: “Омокеме (Султанов) салам айтып, босогону аттасаң эле “о, кашайгыр” деген жаман кеби бар.

– Бир жолу бирөөлөр менен шахмат ойноп отуруптур. “Сайрандап келбейлиби?”- десем, “азыр” деп отуруп, дагы эки сааттай ойноду” – дейт.

Омоке акыры көчүгүн көтөрүптүр. Тоо жакка бармай болуп машинеге олурушуптур. Бираз жылганда эле: “0, кашайгыр, мен эртеден бери тамак ичелек турбаймбы”- дегенинен кафеге кайрылдык”- дейт.

– Ал күнү жакшы сайрандадык. Бирок Омокем “кашайгыр” дегендин эртеси көз доктурга көрүнөм деп барып, ооруканага жатып калдым. Ошондо чыныгы кашайгандарды ооруканадан көрүп, Омокенин каргышы элдин көбүнө тийген экен дедим. Андан бери Омокеге барбай жүрөм, көзүм ооруп жүрөт, – дейт…

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *