Атамбаев Барселонадагы терактка байланыштуу Испаниянын королуна көңүл айтты

Алмазбек Атамбаев Барселонадагы теракттын кесепетинен Испан жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу Испаниянын королу Филипп VI көңүл айтты. Бул туурасында президенттин аппаратынын расмий сайты жарыялады.

“Барселонадагы   бейпил  жарандардын арасында  курмандыктарга алып келген теракт тууралуу кайгылуу кабарды кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргызстан  бул адамкерчиликсиз кылмышты чечкиндүү түрдө айыптайт. Терроризмдин ар кандай  актылары алардын себептерине карабастан эч кандай актоого болбой турган кылмыш болуп саналат”,-деп айтылат  Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев  каза болгондордун жакындарына жана жалпы  испан элине  жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыр тарткандар тезирээк сакайып кетишин каалады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *