Атамбаев иш сапар менен Россия Федерациясына келди

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-ноябрда,  Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургдагы VI эл аралык маданий форумдун ачылыш аземине катышуу үчүн Россия Федерациясына   иш сапар менен  келди. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Иш сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев  менен  Россиянын Президенти  Владимир Путин  жолугушуп,  кыргыз-россиялык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *