Атамбаев Кыргызстанга кандай көйгөйлөдү калтырып кетти?

Мына ушундай суроо менен биз коомдук ишмерлерге, саясый серепчилерге, мурунку аткаминерлер, кыргызга аты таанымал адамдарга кайрылдык. Жооптору кызык болду. Бирөөлөр аз жерден мактап ийе жаздап, кайра тартты.

Кадыр Кошалиев «Кыргыз жолу» руханий коомунун биримдик кеңешинин терагасы:

– Алмазбек Атамбаев ажо болуп турган алты жылга саресеп сала турган болсок, бир кыйла сөз айтууга туура келет. Гезит бети да чак келбесин билип турам. Кыскарта айтканда, дурусунан бурушу көп болду. Мамлекеттик бийликти каалагандай, жеке менчигиндей пайдаланды, шопур, жансакчы, дос-жарларын бийликке алып келип, бийликтин кунун учурду. ТЭЦ, Дача-СУ, «Датка-Кемин», музей, Батукаев ж.б.у.с. кара тактар тарыхта анын ысымы менен байланышта кала берди. Өкүнүчтүүсү, бийлик алмашса да алардын бети ачылбай жатканы. Дурус иштери мамлекеттик саясаттын нугун батышчыл, ашкере динчил болуп баратканда улуттук багытка аз да болсо бура алды. Мисалы, Алтай цивилизациясы, Көчмөндөр оюндары, диний фанатизмге каршы иштери, сырткы күчтөрдүн арам саясатына каршы ачык пикирлери, сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдардын ишмердигин сынга алуусу туура болгон деп эсептейм. Бул көйгөйдү Атамбаев акырына чыгарган жок, бизге калды. Айткан сөздөрү менен жасаган иштери эки ача болгон жерлери да бир топ болду. Сүйлөгөн сайын эле «Элдик курултайды мыйзамдаштырабыз!» десе, алты жыл бою ишенип жүрө бериптирбиз. Көптөгөн катачылыктарын бийликтен кеткенден кийин өзү билди окшойт да. Ошондуктан вазирлер жакшы болушу керек эле.

Кубатбек Байболов, коомдук ишмер:

– Эми Атамбаевдин бизге таштап кеткен көйгөйлөрүн (толтура, сан жетпейт) атап, мактанып отурбай, мамлекеттин тагдырына таасир берчү чаралар тууралуу сөз жүргүзүүгө кезек келди го дейм. Изденген, нааразы катмардын көңүлүн, бир туруп кимди шайлайбыз же кимди жайлайбыз, баланча келсе майкөл-сүткөлгө жеткирет сыяктуу куру кыялга, азгырганды коюп, эми эмне кылабызга бурбайсыңарбы? Ал эми улам бир келген өкүмдардын эртең эмне кыларын баамдай албаган аңкоо же анткор мыкчыгерлерден тажагандай эле болбодуңарбы? Же кезектешип келип аткандардын бири-биринен чечкиндүү айырмасы барбы? «Өзүң эмне кылдың?» деп демитпегиле! Акыркы үч ирет тең баарынан мурун озунуп айтып, төө бастыда калганым көз алдыңардан кете элек болсо керек. Менин оюмча, олуттуу бийликтин табиятын түп-тамырынан өзгөрткөн реформа болмоюнча калган өйдө-төмөн айтылган «реформа» дегениңер эскилиги жеткен шымга жаңыдан таккан жамаачыга эле барабар экени айтпаса да түшүнүктүү болсо керек. Кантип дебейсиңерби? Конституцияны оңдомоюнча эч нерсе чечилбейт. Ал кандай болуш керек? Илимий. Атамбаев көйгөй жаратып кеткен азыркыдай бүдөмүк эмес, бир беткей. Парламенттик десеңер бийликти ага толук бергиле, жыра тартпай, болбосо президенттик кылгыла, 120 жатып ичердин тизгинин чектеп! «Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун!» дейт эмеспи. Конституцияны бир ирет адистерге бергилечи, өкүмдарга ылайыкташтырбай, элдик кылып, элге кызмат кылгыдай кылып түзүп берсин. Мына, бүгүнкү күндөгү Атамбаевдин бизге таштап кеткен көйгөйү.

Ташполот Балтабаев, коомдук ишмер:

– Кан төгүлүп, өмүрлөр кыйылып, этникалык кагылышуулар менен коштолуп бийликке келген Алмазбек Атамбаев адилеттүү, компетенттүү бийлик системасын орнотуунун ордуна, достордон, жан-жөкөрлөрдөн, подхалим карьеристтерден турган коррупцияланган бийлик системасын түзүп кетти. Бирок, формалдуу түрдө бийликтен кеткени менен реалдуу түрдө эки вассалымды коюп, өзүм бийлей берем деп пландаган. Дагы бир фишкасы – таза шайлоо жолу менен бийлик алмашты дегиси келди. Бирок, чындыгында аңкоо менен жалкоодон башка көрүп-билип турду бир добуштун баасы канча болгонун, б.а. ыплас шайлоо болду. Эң негизгиси, элдин бийликке болгон ишеними өтө ылдый болгонуна АША чоң салым кошуп кетти. Бул эми көйгөй эмей эмне? Азыр өлкөбүздө мындан өткөн көйгөй жок.

Сейтек Качкынбаев, саясый серепчи:

– Атамбаев АКШ базасын чыгарып кетти, алар жылына түз 60 млн. доллар жана кыйыр түрдө миңдеген кишиге жумуш ордун берип атты эле, бул биринчиси. Экинчиси, Бажы биримдигине киргизип, экономикабыздын мүмкүнчүлүгүн чектеп коюп кетти. Үчүнчүсү, тегерегиндеги мурдагы дос-жар, кароолчу, шопурларына, жардамчыларына чоң саясый жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү берип, бейформал жаңы моделдеги башкарууну калтырды. Төртүнчүсү, журналисттерди миллиондоп сотко берип, доолорун колбала соттору аркылуу кыйнап кетти. Бешинчиси, саясый оппоненттерин саясый мотив менен камап кетти. Атамбаевдин мен билгенден жана тил учунан учкай гана эсиме келгендерин айттым. Эгер жакшылап эстесек, Кыргызстанга мындан да көбүрөөк көйгөйлөрдү таштап кетти.

Садык-Шер-Нияз, ЖК депутаты:

– 7-апрелдин күчтүү энергиясын пайдалана албадык. Миңдеген жылдарга жете турган энергияны Атамбаев чачып, түгөтүп, руханий күчтү пастатып алганы болду го дейм. Өлкөнүн энергиясы алсырады, алсыратты. Андай болгондон кийин кандай гана реформа, кандай гана изденүү болбосун өтөсүнө жетпей турган иш. Атамбаевге чейин деле көйгөйлөр толтура болчу. Аныбыз азаймак тургай көбөйгөндөн көбөйүп кетти. Кайсы тармакты албайлы, баардык жагыбыздан аксап турабыз. Атамбаевдин Евробиримдиги биздин экономикабызга жарытылуу жардам кылгандын ордуна, тескерисинче, көйгөй жараткандан башка тиешелүү пайдасы тийбей атат. 7-апрелден кийин саясый чыңалууну пайда кылып, дагы бир көйгөй жаратып жаткансыйт. Элди жайына койбой турган болуп калды. «Бирди көрөйүн» деп калган окшойт?..

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *