Атамбаев Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды

Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасынын Шиңжан-Уйгур автоном районунун Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун губернатору Пархат Турдуну кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Атамбаев Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү боюнча облус жетекчилигинин Кытайдын борбордук өкмөтү менен биргелешкен иши тууралу маалыматты укту.

Президент Кытай жетекчилиги региондун экономикалык өнүгүүсү үчүн эле эмес, этностук кыргыздардын маданий-улуттук өзгөчөлүктөрү менен кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча бардык колдоону көрсөтүп жатканын канаттануу менен белгиледи.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *