Атамбаевдин мамлекетти сырттан башкарам деген аракети катачылыгы болду

Союз урагандан берки чейрек кылымдагы беш жолку бийлик алмашуу мамлекетти жетектейм деген адамдардын ар бирине чоң сабактарды калтырды. Мындайча айтканда, өлөр өлгүчө жалгыз өзүм башкарам деген өкүмзордуктун кесепети өтө чоң болору өткөн тарыхта далилденди. Эми эл башчылары андан туура жыйынтык чыгарып, алдыга акыл менен кадам шилтөөсу зарыл. Дегенибиз, кызматтан кеткен Атамбаевдин да мамлекетти сырттан башкарып, бийлигин сактап калуу үчүн жасаган аракети чоң катачылыктын бири болду.

Алмазбек Атамбаев көп жылдардан бери көксөгөн бийликке жеткенден кийин алдында үч жол турду. Биринчиси, 2010-жылы оңдолгон Конституцияга өзгөртүү киргизип, президент бир эмес, эки мөөнөткө иштей турган жобону кошуп, мурдагы мамлекет жетекчилери сыяктуу бийлигин бир нече жылга узартуу жолу бар эле. Бирок, Акаев менен Бакиевдин кейиштүү тагдырынан кийин мындай жолго баруу опурталдуу экенин, кыргыздар мындай өкүмзордукка таптакыр чыдабай турганын түшүндү. Анан да өзүнүн бир нече билдирүүсү буга бөгөт болду.

Экинчиси, Атамбаев өзү далай ирет кайталагандай, демократиялык жолду тандап, толугу менен шайлоону элдин эркине коюп, көпчүлүк кимди шайласа, ошол жеңсин деген шартты түзүп берсе болмок. Тилекке каршы, андай эрдикке баралбады. Көрсө, экс-ажонун командасынын артында өтө чоң, ири коррупциялык иштер бар экен, кокус өзүнө ыңгайсыз болгон талапкер утуп чыгып калса, алардын баарын чукуйт деген жүрөктүн үшүн алган коркунуч менен тарыхта түбөлүк жазылып кала турган үлгүлүү кадамды жасай албаптыр.

Үчүнчү тандоодо өзү кетсе да, сөлөкөтү кетпеген жол турду. Тактап айтканда, өкмөттөгү чечүүч ү кызматтарга ишенимдүү кишилерди коюп, өзүнүн ордуна сөзүн эки кылбаган, айтканынан чыкпаган адамды калтырып, сырттан башкаруу жолу бар эле. Муну дүйнөлүк практикада колдонгондор бар. Маселен, бир нече жыл мурун Россияда ийгиликтүү ишке ашкан. Албетте, муну ишке ашыруу өтө татаал. Бирок, опурталдуу экенине карабастан бийликти колдон чыгарбаш үчүн Атамбаев ушул жолду тандаганын көрдүк.

Планды ишке ашыруу максатында чет элдик консультанттарды чакырып, алардын көрсөтмөсү менен 2015-жылы КСДПнын ичине негизинен «тил алчаак» кишилерди катарга тизип, парламентке «кол бала» партияларды киргизди. Жогорку Кеңешти чөгөлөткөндөн кийин экинчи кадамды шилтеп, 2016-жылы Башмыйзамды өзгөрттү. Ага ылайык, президенттин укуктары кесилип, премьер-министрге берилди. Үчүнчү кадам тоскоол болуучу атаандаштарды жоготуу болду. Ал Өмүрбек Текебаев баш болгон саясатчылардын камалуусун шарттады.

Чет өлкөдөн жалданган консультанттардын сценарийи менен эң акырында бийлик бутактарынын чечүүчү  “точкаларында” ишенимдүү кишилер коюлду. Шайлоо болор алдында өкмөткө Сапар Исаков келди. Ага чейин «такка» кимди чыгаруу боюнча тандоо жүргүзүлүп, бир нече кишинин арасынан Сооронбай Жээнбеков тандалган. Бул кишинин амбициясынын жоктугу, бийликке жутунбаганы, эң башкысы, коррупцияга малынбаганы чоң «көзүр» болуп, тандоодо сап башына чыгарганы ушул кезге чейин кеңири айтылып келе жатат.

Шайлоонун биринчи турунда эле Жээнбеков жеңди. Атамбаев чет жактан жазылган сценарий менен өз чөйрөсүндөгүлөргө чакан инаугурация өткөрүп, «Соке» деген какшык сөзү менен расмий тапшырды. Ошол маалда дагы «көшөгө артында өзүм башкарам» деген өкүмзордук билинип турган. Албетте, сырттан чакырылып, бөтөн тилдүүлөргө түздүргөн «сценарий» кыргыз коомунда бул ирет да ишке ашкан жок. Президент С.Жээнбеков чек арадагы «хаосту» жөнгөрүп, дароо Н.Назарбаев менен ынтымак түздү. Бул Атамбаевдин «жинин» кайнатканы ММКларда айтылды.

Көп өтпөй Коопсуздук Кеңешинин жыйынында С.Жээнбеков антикоррупциялык комитеттин ишин сынга алганда Атамбаев тизгинин тарта албай жулкунганы, президент менен кер-мур айтышканы ачыкка чыкты. Андан кийин АКС жетекчиси, Фарид Ниязов ишинен кетти. КСДПнын жыйыны өткөрүлүп, Жээнбеков ТЭЦтеги коррупцияга аралашканы айтылган соң УКМК жетекчиси, Башкы прокурор, өкмөт башчысы мүчөлөрү менен отставкага айдалды. Жыйынтыгында Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү кызматтан кетип, тарпы чыккан партиясы менен жалгыз калды.

Атамбаевдин биринчи катачылыгы, бийликти жалгыз колго топтоп алгандыгында болду. Экинчиси, партияга жалаң бай-манаптарды киргизип алганы чоң залакасын тийгизди. «АкЖол» партиясынан сабак албагандыгынын кесепети болду. Үчүнчүсү, бийликти өткөрүп бергенден кийин дагы баарын өзүм башкарам деп жаңылды. «Соке» деп кемсинтсе да, президенттин ишине кийлигишпеш керек эле. Төртүнчүсү, Конституцияны өзгөртүүдө аксады. Текебаев өңдүү душман күтүп жатып өзгөрткөн иши суу кечкен жок. С.Исаковду көз ачып жумганча ыргытты.

Демек, турмуш чындыгынан жыйынтык чыгарып, бийликке келген адамдар өмүр бою башкарам дегенден алыс болушу керек. Өзүңдүн мөөнөтүңдө таза иштеп, саясатты кырдаалга жараша эркин койберген эп. Анткени, биздеги институттардын баары кылтылдак. Партиялар бизнестин негизинде түзүлгөн, ичиндеги адамдар туруксуз. Бир мүнөттө өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан, мамлекет башына келгендер тарыхта калууну кааласа, таза иштеп, саясатта атаандаштыкты түзүп, экономикага реформа жүргүзүп кеткенге ашыгышы зарыл.

Автор: Камчы Кадыров

Булак: Мантыш

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *