Алманбет Шыкмаматов: «Атамбаев менен Текебаевди президенттин тегерегиндегилер кайраштырууда»

Конституциянын өзгөрүшүнө караманча каршы чыгып келген “Ата Мекен” фракциясынан 3 гана депутат референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүдө каршылыгын билдиришти. Мындан улам “фракция ичинде ажырым бар” деген пикирлер айтыла баштады. Чындыгы кандай? Бул тууралуу Алмамбет ШЫКМАМАТОВ маек берди.

Референдум тууралуу мыйзам долбооруна добуш берүүдө ага караманча каршы чыгып жаткан “Ата Мекен” фракциясынан 3 гана депутат каршы чыкты. Айрымдарыңар таптакыр эле катышпай койдуңар. Фракцияда бул боюнча бирдиктүү позиция жокпу?

Биздин фракцияда биримдик, ынтымак бар экенин ишенимдүү түрдө айта алам. Ал эми фракциябыздын Конституциянын өзгөрүүсүнө каршы экенине карабай колдоп бергендер тууралуу айтсам, алардын бизнестери бар. Мен ал кесиптештеримдин намысына тийгим келбейт, бирок алар системадан коркушту, жашырганда эмне?

Добуш берүүгө сиз эмнеге катышкан жоксуз?

Добуш берүү процедура боюнча саат үчтө башталмак. Ошол күнү саат экиде башталып, көптөгөн депутаттар катыша албай калды. Атайын катышпай коюшум мүмкүн эмес. Конституциянын өзгөртүлүшүнө ачык каршы чыгып жүрүп, анан эле добуш бербей коймок белем?

Референдум кандай болсо да болгону калды. Бийлик Конституцияны өзгөртүүгө эмнеге мынча шашылып жатат?

Биринчиден, бийлик өз күчүнө эбегейсиз ишенип, өздөрүнүн айтканы айткандай болуп каалаган учурунда ишке ашарын бөркүндөй көрүп алышкан. Эч ким каршы сүйлөбөйт деген ой менен парламентке кирбей калган саясий күчтөрдү мындай кой, парламенттин  ичиндеги саясий күчтөр менен дагы эсептешкен жок. Бардыгын даярдап туруп, “өздөрүнүн” депутаттарына “кол кой” деп койдуруп алышкан.  Алар канчалык чычалабасын, чындык ошондой.

Бирок жарандык коомду, өз позициясынан кайра тартпаган саясатчыларды, парламентке кирбей калган, бирок салмагы сайдын ташындай болгон саясий күчтөрдү эске алышкан эмес. Эгер жарандык коом, биз каршы чыкпасак, булар сунуш кылган ашмалтай Конституциянын долбоору өтүп кетмек. Ашмалтай дегеним,  бир эле мисал, “Жогорку соттун чечими акыркы чечим эмес” деген норма бар болчу. Эгер ал кирип калса, азыр эле 3-4 жылга созулуп жаткан соттук процесстер бери дегенде 10 жылга чейин Чубактын кунундай “чубалып” жата бермек. Бул соттор арасында коррупцияны ого бетер күчөтмөк. Эки айдан бери каршы пикирибизди айтып атып ошондой кемчиликтерди тазалаттык да. Бирок азыр дагы мүчүлүштүктөр көп. Бул жерде бир гана саясий топтун кызыкчылыгы көздөлүп калганы көрүнүп турат.  Конституцияны жай мезгилинде эл эс алууда жүргөндө эмес, мына азыртан баштап 6 ай талкууласак, мыкты Конституция чыкмак.

Ак үй тарап президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү же мөөнөтүн узартуу боюнча маселе жоктугун байма-бай айтып келатат. Анда орустар айтмакчы, “иттин өлүгү кайсы жерге көмүлгөн”?

“Президенттин укуктары кеңейбейт” деген болбогон кеп. Дал ошол президент менен өкмөт эбегейсиз күчөгөнү турат. Парламент менен сот алсырайт.  Мисалы, “күч органдарын премьер-министр президенттин макулдугусуз өзү кетире албайт” деген жери бар. Сотторго карата көпчүлүк укуктарды дагы президент өзүнө алып жатат. Анан кантип президенттин укуктары кеңейтилбейт деп айта алабыз?  “Коалиция тараса, спикер кошо кетет” деп айтылган. Демек спикер премьер-министрге көз каранды болуп калат. Анын үстүнө бул Конституция боюнча премьер бир келсе кеткис премьер болот. Парламент аны кетирүү укугунан ажырап жатат. Формалдуу түрдө ишенбөөчүлүк көрсөткөнү менен  бул күчкө ээ болбой калат. Демек аткаруу бийлиги парламенттен, анын сынынан коркпой, өз билгенин кылууга жол ачылат.

Эл өкүлү катары айтсаңыз, карапайым калк арасында азыр бул боюнча түшүнүк барбы?

Азыр элдин башы айланып турган чак.  Карасаң, Конституцияны өзгөртүш керек дегендер жакшы сунуштарды айтып жатышат. Мисалы, “Эркек менен эркек кантип үйлөнсүн? Аскаровду эл аралык коомчулук чыгар деп жатышат же болбосо Кумтөргө күнөөлүүлөрдү соттойбуз” деп. Бул жөн гана кооз фантик. Элди өздөрү жакшы иш кылып атканына ишендирүү үчүн  жасалган көз боёмочулук. Мисалы, Кумтөр боюнча айтап берейин. “Кумтөр чырына тиешеси бар жарандар мөөнөтү эскиргенине карабай кылмыш жоопкерчилигине тартылсын” деп айтылат. Бул жакшы дейли. Экинчи сүйлөмүн карасак, “Сот өкүмү күчүнө кирип, кылмыш иши кыскартылган адамдарга мунун тиешеси жок” деп турат. Мына, иттин өлүгү ушул жерде. Кумтөр боюнча күнөөлүү кишилердин соттук иштеринин баары соттун өкүмү менен кыскартылып кетпеди беле. Ошондо бул жерде Акаев менен Танаевден башка эч ким соттолбойт, ал эми экөө Кыргызстанга келбейт. Демек эч ким жоопко тартылбайт. Экинчиден, бир жыныстуу нике боюнча ушул убакка чейин бир да эркек эркекке, аял аялга үйлөнүп алган жок го. Буга мыйзамдын зарылдыгы жок. Биздин менталитет, салттарыбыз, коом өзү эле жол бербейт андайга.

Референдум өттү дейли, андан кийинки кырдаал кандай болушу ыктымал?

Референдум өткөрөбүз дешсе, күчкө салып өткөрөт. Муну Акаев дагы, Бакиев дагы кылган. Бирок бул Башмыйзам кантип кабыл алынганы элдин эсинде калат. Мисалы, Кумтөр боюнча Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, ыраматылык Дооронбек Садырбаевдин айткандарын укпай койгонбуз. Эми “15 жыл мурун туура эмес кылыптырбыз” деп этегибизди чаап отурабыз го. Азыр деле өзгөртөөрүн өзгөртүп алып, убакыт өткөндөн кийин биз жаңылганыбызды, эл алданып калганын түшүнөт. Бирок ал убакта кеч болуп калат. Дегеле мурдагы катачылыктарыбыздан сабак алганды үйрөнбөй, өзүбүзгө-өзүбүз эксперимент жасаганды токтотпой койдук. Бир гана нерсеге жооп таба албайм, эмнеге 6 ай күтүп, жакшылап талкуулап албайбыз? Эмнеге шашып жатышат? Ушунун өзү эле толгон-токой шектерди туудуруп атпайбы.

Президент кызматына чыкса, Өмүрбек Текебаев экөөнүн ортосунда баягы тиреш кайра башталат да. Тараптарды бир пикирге келтирүүгө аракет кыласыңарбы?

Экөөнү бир пикирге келтирүүгө, албетте, болот. Бирок эң өкүнүчтүүсү, президенттин тегерегиндегилер, КТРК эмоцияга алдырып, бир тараптуу маалымат берип, экөөнү элдештирмек турсун кайра кайраштырып атпайбы. Президент — бул журт атасы.  Мындайда биринчи кадамды журт атасы кылат. Мисалы, үй-бүлөдө деле өйдө-ылдый болуп кетсе, биринчи атасы айтыш керек да, “токтотолу, эсибизди жыялы” деп. Менин оюмча, бул эрегиштен экөө тең утулат.

Эмнеге коалициядан чыкпай жатасыңар?

Биз принципиалдуу түрдө чыкпайбыз. Анткени коалициядан чыга турган негиз болушу керек. Ал негиз — коалициялык милдеттенмелерди аткарбагандыгы үчүн деп айтылат.  Биз өз милдетибизди аткарып жатабыз. Эгерде биз жакпасак,  коалицияны уратып ийүүгө КСДПда толук мүмкүнчүлүк бар. Анда алар эмнеге чыкпай жатат? Демек өздөрү чочулай турган жагдайы бар.

Бегимай БАКАШЕВА

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *