Шеримкулов Атамбаев менен Текебаевди ынтымакка чакырды

Учурда президент Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы тирешүү курчуп, коомчулукта тынчсыздандырууну жаратып турган чак. Көп жылдан бери саясатта үзөңгүлөш жүргөн жакшы санаалаштардын мындай пикир келишпестиги, айрым саясий күчтөрдүн чырагына май тамызып, ортодогу жараканы ого бетер тереңдетүү үчүн чагымчыл маанайдагы маалыматтарды таратышып, экөөнү бириктирбөө саясатын жүргүзүшүүдө. Мына ушундай жагдайда ынтымакка, биримдикке үндөөчү аксакалдар чыкпай турганда “легендарлуу парламенттин” төрагасы Медеткан Шеримкулов чечкиндүүлүгүн көрсөттү. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди ынтымакка келүүгө чакырып, эки таасирдүү саясатчынын тиреши өлкөгө пайда алып келбестигин айтып парзын аткарды. Ар убакта, ар доордо эрегишкен эрди, бөлүндү болгон коомду ынтымакка үндөгөн даанышмандар болгон. Бүгүн ошол вазийпаны Медеткан аксакал колго алып отурат. Эми өтөөсүнө чыгаар бекен..?

Булак: Фабула 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *