Атамбаев “мыйзамдагы ууруну” чет өлкөгө саткан” чанда бир кездешүүчү жан

Дүйнөлүк карт тарыхта ар кандай падышалар, азыркы тил менен айтканда президенттер болгон. Коррупцияга малынгандары, курал-жаракты мыйзамсыз саткандары, мыйзамсыз мөөнөттөрүн узарткандары болгондору дүйнө элине белгилүү.

Ошолордун ичинен өтө «уникалдуусу» эгемен Кыргызстандын тарыхында кездешкен. Тактап айтсак, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда. Анын коррупцияны гүлдөткөнү, контрабанданы көзөмөлдөгөнү башка кеп, ал эми кыргыз жигиттеринин кулактарын кесип кордогон, түрмөдө жаткан «мыйзамдагы ууру» Азиз Батукаевди кызыл килем менен чет өлкөгө узатуу да дал ушул Атамбаевдин доорунда кездешти.

Мындай “уникалдуу” жагдай башка бир дагы мамлекетте кездешкен эмес. Бийликтин криминалдык чөйрөдөгу таасирдүү төбөлүн темир тор артынан алып чыгып, чет өлкөгө акчага сатканы боюнча Атамбаев гана тарыхта кала турган болуп калды. Анан дагы ошол Батукаевди чыгаруу үчүн алган акчаларынын жарымысы жасалма болуп калганы өтө кызык. Мунун өзү Атамбаевдин бийлигин кримчөйрө шылдыңга алып кеткен дегенди түшүндүрөт эмеспи.

Булак: “Кабар Инфо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *