Атамбаев тарапташтары менен Москвага барган учакты каржылаган адамдын аты аталды

Бүгүн, 12-декабрда, Жогорку Кеңеште 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу угулду. Жыйынга премьер-министр М.Абылгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү катышып, суроо-жооп болуп, көп адамдардын аты аталып, бети ачылды.

Депутаттардын суроосунун арасында Атамбаев Москвага барган учакты ким каржылаганы суралды. Ага УКМК жетекчиси Орозбек Опумбаев жооп берип, 24-июлда Алмазбек Атамбаев Москвага жеке учак менен барып, кайтып келген каражатты ким каржылаганын айтты.  Анын айтымында, Атамбаевдин досу Бельянинов аттуу адам төлөп берген.Атамбаевдин Москвага барары ачык эле маалымат болгон. Учак Кантка конгон. Москвага барып, ким менен жолукканын, эмне деп сүйлөшкөнүн айта албайбыз, бирок бул боюнча ыкчам маалымат бар. Ага жашыруун деген гриф коюлган. Аны кат түрүндө же башка түрдө берели”, — деди О.Опумбаев.

Эске сала кетсек, Атамбаев 24-июлда Орусиянын Канттагы аба майданы аркылуу Москвага учуп кетип, Кремлден Путинге жолугуп, эртеси, 25-июлда Кыргызстанга кайтып келген. Бирок, Путин менен эмнени сүйлөшкөнү жөнүндө ачык эч нерсе айткан эмес, болгону азыркы бийлик менен биригүүгө кеч болуп калганын айткан. Ал эми Путин журналисттердин суроосуна жооп берип, “Ооба, Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Кыргызстандагы жана аймактагы абал тууралуу сүйлөштүк. Мен ага өз позициямды жеткирдим. Кыргызстанды өнөктөш, жакын өлкө катары эсептейм»,-деген.

Ал эми Атамбаевдин учагын каржылаган деп аталган адам – Бельянинов Андрей 2006-2016-жылдары Россиянын бажы тармагын жетектеген. 2016-жылы коррупциялык жана контрабандалык кылмыштарга шектелип, камакка алынып, кызматынан четтетилген. Үйүн тинтүү учурунда миллиондогон накталай акчалар табылган. Бирок кийинчерээк достору ал кылмыш ишинен камырдан кыл сууругандай сууруп чыгарып алышкан. Азыр Евразестин банкын жетектейт. Биздин кыргыз басылмалары Атамбаев менен Бельянинов кыргыз бажысы аркылуу контрабанда ташып турушкан деп жазышкан.

 Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *