Атамбаевди сындаган майып акын Темирлан Ормуковду мыйзамсыз камаган Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш иши козголду

КР Жогорку сотунун үч судьясына жана анын аппаратынын, Бишкектеги №1-тергөө абагынын кызмат адамдарына карата Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов КР Кылмыш-жаза кодексинин 304, 305, 316 жана 324-беренелери боюнча кылмыш ишин козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Алар “О.Т. аттуу кыргыз жаранын камакта мыйзамсыз кармап турушкан” деп айыпталууда. Кылмыш ишин иликтөө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. Айыпталып жаткандар кылмышка шектүү О.Т. аттуу жарандын бөгөт чарасын туура эмес аныкташкан, ошонун айынан анын конституциялык укугу бузулган.

Биздин редакцияга белгилүү болгондой бир кезде президент Алмаз Атамбаев менен КСДПнын ашынган депутаты Дастан Бекешевди катуу сынга алып, алар менен тирешип келген көзү азиз акын Темирлан Ормуковду 1 ай, 12 күн абакта мыйзамсыз кармоого себеп болгон Жогорку Соттун үч судьясына, аппарат кызматкерлерине жана Бишкек СИЗОсунун жетекчилерине кылмыш иши козголгон. 

Темирлан Ормуков өзү бул боюнча генпрокуратурага арыз жазбаганын, бирок башкы прокуратура кылмыш фактысы боюнча өз алдынча кылмыш ишин козгогонун билдирди. 

Айрым булактардын билдирүсүндө Жогорку Соттун кылмыш иши козголгон судьялары Эсенканов, Камчыбеков, Бокоевдор болушу мүмкүн. 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *