Видео – Атамбаевдин абийирин төккөн казакстандык дипломаттын шоусуна ага жол берген кыргыз протокол кызматы күнөөлүү

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында өткөн ШКУ саммитинде Алмазбек Атамбаевдин артында отуруп алып “клоун” болгон жигит мурда Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеген Ч.Карагужинов экени маалым болду. Бул тууралуу “Время” басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда Ч.Карагужинов Вашингтондон окууну бүтүп, алгач Казакстандын Тышкы иштер министрлигинде иштеп, кийин президенттин аппаратынын протоколдор бөлүмүнө которулган. Ал англис тилин жакшы билгендиктен эл аралык жыйындарда котормочулук жумушту аткарган.

Эске салсак,  Атамбаев Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынында сүйлөп жаткан учурда анын артында отуруп, жаш балача колун кайра-кайра оозуна салып ойноп, жосунсуз жоруктарын көрсөткөн жигит жөнүндө видео интернетте тарап, аябай талкууга алынган эле.

Алгач ал Атамбаевдин артында олтургандыктан элдин баары аны кыргыз делегациясынын мүчөсү катары кабыл алышып, ачууланышкан. Канткен күндө да Атамбаевдик аппараттын протоколунун кызматкерлери профессионал эместиги таңкалычтуу. Протокол боюнча да ал жигитти Атамбаевдин артына олтургузуп, жанагыдай клоун болууга, Атамбаев сүйлөп жатканда шылдыңдагандай таасир калтырганы өкүнүчтүү. Биздин протоколдун кызматкерлери саммитти өткөргөн тарап менен буга жол бербеш керек эле. Профессионалдуулук жетишпегенде мындай окуялар кайталана берет. Казактарды күнөөлөп, чычалагандан не пайда? Андан көрө Кыргызстанды уят кылбай ишиңерге так болгула.

1 ой-пикир

  • Атамбаевди ал Жигит уят кылдыбы же Атамбаев Кыргызстанды уят кылдыбы?
    Менимче ,озунун туура эмес озумчулдук иштерин менен Атамбаев Кыргызстанды сызга олтургузду го!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *