Атамбаевдин ишенген кадрларынан кимиси премьер-министр болот?

Кыргызстан жаш кадрлардан жолу жок экен. Өздөрүнүн колдорунан иш келбегени аз келгенсип, өкмөткө али мурдунун суусун тарта албаган балдарды, технократтарды чакырып жатышат. Сапар Исаковду Атамбаев премьер-министр кылып дайындады эле, ал болсо тажрыйбасыздыгынан улам баарын уят кылып бүтмөй болду. Башында “Лиглас” аябай рекламаланып, Исаков соңунда шермендесин чыгарды. Эдил Байсалов бул афераны жамы журтка шардана кылып салды. Эми болсо Бишкек ТЭЦин модернизациялоо үчүн кытайлардан алган 386 млн. доллар кредитке байланыштуу дагы бир чыр чыкканы турат.

150 эле миллион долларга тажиктердей жаңы ТЭЦ салып койсо, биздикелер болсо 386 миллионго болгону эки-үч буу казан салышкан. Эми депутаттардан түзүлгөн комиссия бул “кылымдын аферасынын” бетин ача алышаар бекен? Кытайлар менен коррупциялык келишимге кол койгон Жантөрө Сатыбалдиев олду-солду интервью берип, “эгер мени элчи кылып жибербесеңер, кредит эмне болгонун айтып салам” деп коркутуп атат. Андагы министр Осмонбек Артыкбаевдин да уйкусу качып, өзүн коёрго жер таппай жүрөт, себеби, кылмыштуу келишимге кол койгон да, туурабы? “Эми экөө тең эмне кылсак?” деп баштары маң болуп турган кездери. Күнөөнү өздөрүнө алып, балдарын өмүр бою жер каратуу керекпи, же буйтап өтүшүп, КСДПнын, экс-президент Атамбаевдин кадыр-баркына доо кетириш керекпи? Өз кезегинде Алмазбек Шаршеновичтин дал ушундай адамдарга ишеним артканына өкүнөсүң!.. Кандай болгон күндө да Сапар Исаковду кызматтан алып, Кыргызстандан алысыраак жакка, айталы, Америкага элчи кылып жибериш керек болуп калды окшойт.

Аныгында, Атамбаев кийинки премьер катары кимди койгусу келет? Буга чейин биздин гезит “Бийликте чүйлүк кадрлар жокко эсе” деген теманы көтөрүп койгон… Чындап келсе, экс-президенттин тегерегинде көздөй кадрлары бар, ишенимдүү жана төбөсү көрүнгөндөрдөн үчөөнү мисалга тарталы. Алар: Кубанычбек Кулматов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимов. Бирок, булар эл назарында кандай бааланат? Коррупцияга аралашкан эмеспи? Карапайым калктын ой-пикири кандай?

Кубанычбек Кулматов Атамбаевдин көздөй кишиси. Аны качан болбосун майлуу-сүттүү кызматтарга коюп келатат, ишинин жыйынтыгын көрө элекпиз али, болгону “даяр ашты” жарнамалоо менен жан багат. Дагы бир көйгөйү – Кулматов кыргыз тилин тийешелүү деңгээлде белбейт. Калганын эл комментарийде жазышаар…

Абдил Сегизбаев идиректүү, белдүү жигит, жетекчи катары бышып, такшалып турган кези. Бирок, буга чейин УКМКны башкарып, жеке керт башы үчүн толтура душмандарды топтоп алды. Өзгөчө камактагы саясатчылар, алардын тууган-уруктары эртеби-кечпи андан өч алышарын айтышууда. Эгер Сегизбаев мындан ары да карьера кылууга ниеттенсе, саясатта калууну көздөсө, анда жарандык коомго “жем таштап”, эркин журналисттер менен тымызын тил табышууга өтүшү зарыл. Керек болсо тирандар өткөн бу жалгандан… Акыл калчай турган кез келди…

Албек Ибраимовду ТЭЦтеги авариядан кийин муздак үйлөрдө тоңгон элдин көрөйүн деген көздөрү жок. Максим Бакиевдин мүлктөрүн сатканы, баш калаанын мэри болуп алганы боюнча аңыз-кептерге жооп береби?

Мына, жалгыз Сегизбаевден башка ишенген эки “кожонун” абалы… Учурда саясый кырдаал татаалдашуу жагына өтүп баратат, элдин пикири менен да эсептешүү жагын эстен чыгарбаш керек. Ооба, акча бар, акча бар кезде Жогорку Кеңештин депутаттарын каалагандай сатып алса болобу? Айдап салса да болот…

Эң кызыгы, бүгүнкү бийликтеги саясый күчтөр Сапар Исаковду боктоп, депутаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташты… Мунун аягы эмне менен бүтөөр экен? Депутаттык комиссиянын жыйынтыгы көрсөтөт го…

Тайлак НАЗЫМОВ

Булак: Азия Ньюс 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *