Кечээ тойдо олтурган Кадыр Атамбаев бүгүн Кыргызстандан чыгып кетти

Бүгүн, 7-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже баласы Кадыр Атамбаев “Манас” аэропортунан чет өлкөгө учуп кетип жатканын көргөндөр бар экен. Мындай маалыматты КСДПнын орун басары Кундуз Жолдубаева ал чындап эле өлкөдөн чыгып кетип жатканын тастыктады. Кадыр аспирантурага тапшыруу максатын көздөп жүрүптүр. Бирок кайсыл өлкөдө, кайсыл шаарда окуйт, маалыматта айтылбайт.

Кадыр Атамбаев – Алмазбек Атамбаевдин эң кенже уулу. Атасы камакка алынганда бийликке жүйөөсүз сын айтып, саясатка аралашаарын билдирген жайы бар.

Ал эми кечээ, 6-октябрдын кечинде Кадыр Атамбаев апасы Раиса Атамбаева менен депутат Руслан Казакбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна барып, атасынын дос-душмандары менен сүрөткө түшүп жүргөн.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *