Атамбаевдин КСДПга лидер болуп келүүсү мамлекет кызыкчылыгына төп келеби?

Жакынкы күндөрдө КСДП партиясынын курултайы өтүшү күтүлүүдө. Ал курултайдын күн тартибинде партиянын лидерин шайлоо каралары да күн мурунтан белгилүү болгон. Аталган партиянын Жогорку Кеңештеги фракциясынын депутаты Марат Аманкулов партия лидерлигине жалгыз гана талапкер болорун, ал – экс-президент А. Атамбаев экенин да буга чейин билдирген.
КСДП партиясы 2010-жылдан бери карай бийликте келаткан партия. Андыктан анын таасири да учурда жетишээрлик экени белгилүү. А. Атамбаев 2011-жылдын аягына чейин бул партияны жетектеп келип, КР президенттигине шайлангандан кийин төрагалыктан кеткен. Ошондон бери карай партиянын төрагалык орду бош турган. Эми кайрадан ал орунга А. Атамбаев өзү барганы атканын жалпы коомчулук билип турат.
Атамбаевдин кайрадан КСДП төрагалыгына келиши мамлекеттин кызыкчылыгына төп келиши мүмкүнбү? Деги эле бул көрүнүш саясат айдыңында кандай көрүнүштү жаратышы мүмкүн?
Президент Сооронбай Жээнбековдун мамлекет башчысы катары кызматка киришкенине 100 күндөн ашуун убакыт өттү. Мына ушул убакытта мамлекетибизде коррупцияга каршы масштабдуу кампания башталды. Албетте, бул күрөш мурда да жасалып келген. Бирок, бул ирет коррупцияга каршы күрөштүн күрөө тамыры табылгандай болду. Анын негизинде УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Д. Чоткараев да кызматынан кетти.
8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчысы С. Жээнбеков «Мамлекет жана коом үчүн коркунучтуу көрүнүш менен күрөшө турган мамлекеттик структуралар өздөрү коррупцияга малынып жана өз милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат», – деп катуу сындаган. Ошол эле жыйында көптөгөн жогорку мамлекеттик кызматтардагы чиновниктерди президент уюшкан кылмыштуу топторду калкалоого алып атышканын айтып, айыптаган. Ал уюшкан кылмыштуу топтордо укук коргоо жана сот органдарындагы жогорку кызматтардагы адамдардын катышуусу жок акчанын ири агымынын болушу мүмкүн эместигин айткан.
Ошентип, Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бийлик структураларында өзгөрүүлөр пайда болду, экс-президенттин командасындагы айрым чиновниктер кызматтарынан кетти. Өзгөчө көптөгөн коррупциялык иштердин куратору болгон Фарид Ниязовдун кызматтан кетиши башкы окуялардын бири болду окшойт.
Кыштын кычыраган суук мезгилинде Бишкек ТЭЦинде болгон кырсык көп көмүскө жагдайлардын бетин ачты. 400 миллион доллардын тегерегинде акча коротулуп, модернизацияланды деген ТЭЦибиз бир кыштан чыкпай бузулуп, шаардыктарды бир жумадан ашуун убакыт калчылдата үшүткөнүн кантип эстен чыгарабыз? Ошондон кийин гана Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо бир видеокөзөмөл камерасы 14500 долларга, бир кычкач 650 долларга документтештирилгени ачыкка чыкты.
Мына ушундан кийин кыргызстандыктар экс-президент А. Атамбаевге жана анын командасына, ошол эле убакта бийликте турган КСДП партиясына да шектенүү менен карап калышты. ТЭЦтеги кырсык маалында республикабыздын айрым региондорунда жергиликтүү шаардык кеңештерге шайлоо болуп өттү. Ошол шайлоолордо электорат социал-демократтар партиясына мурдагыдай добуш беришкен жок.
Эми Бишкек ТЭЦинен башка дагы жасалган иштерден бир топ кыңыр иштер чыгышы мүмкүн экендиги да айтыла баштады. Айтор, А. Атамбаевдин убагында «ууруну карма деп ууру жүрөт» дегендей эле аракеттер жасалган тура дегендер арбын. Бул бир жагы.
Экинчи жагынан алганда А. Атамбаевдин кайрадан КСДП партиясына лидер болуп келишинин артында кандай максат жатат деген суроо туулат. Коомчулукта анын партия лидери болуп келишинен кийин парламенттин таркашы, андан кийин жаңы парламенттик шайлоонун өтүшү күтүлөт деген пикирлер айтылып келет.
Маселен, саясат таануучу Марат Казакпаев: «Партияны жетектөө менен ал бардык саясый чечимдерге таасир эте алышы мүмкүн, анткени, КСДП ушул тапта саясый иерархиянын дал чокусунда», – дейт. Ошондой эле ал азыркы тапта экс-президенттин таасири чоң экенин, бирок бара-бара ал күчүн жоготушу мүмкүндүгүн, ошондон улам учурда партиянын курултайын өткөрүү пландалып жатканын айтат.
Ал эми профессор, саясат таануучу Алмаз Акматалиев: «Партиянын лидери жана негиздөөчүсү президент болуп турганы башка жагдай. Ал эми жаңы жетекчи ошол катардан чыгып жатса да кырдаалды бир аз өзгөртөт. Азыр Атамбаевдин башкаруу жылдарына карата сын-пикир күч алып турган чагы, ЖЭБдеги кырсык боюнча да кеп толтура. Бул багытта КСДП оор мезгилге кептелиши мүмкүн”, – деген пикирин маалымат булактарынын бирине билдирген.
Демек, ушундай пикирлерге таянсак, экс-президент А. Атамбаев өзүнүн президенттик мөөнөтүндө жасалган иштерди жаап-жашыруу үчүн жана келечекте да таасирдүү фигура боюнча калуу үчүн КСДПга лидер болууга аракет жасап атат десек болот.
Президент С. Жээнбеков февраль айында Тажикстанда жана Өзбекстанда болуп келди. Ал жактагы сүйлөшүүлөрдө чек араларды делимитациялоо маселеси ордунан козголду. Акыркы бир нече жылдардан бери карай мамлекеттер ортосунда бул багыттагы сүйлөшүүлөр ордунан жылбай келген. Саясат таануучулар чек ара жаатындагы сүйлөшүүлөрдүн жанданышына С. Жээнбековдун бийликке келиши таасир этти деген пикирде турушат. Ошол эле убакта Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү да пландалган.
Ошондой эле кырдаал Өзбекстан менен да болуп турат. Акыркы бир нече жылдар Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы мамиленин өтө татаал болушу менен коштолгон. Буга негизги себеп – Атамбаев бийликке келгенден кийин өлкөбүздүн түштүк аймагындагы этностор аралык кагылышуунун болуп кеткени болгон. Анда түрдүү маалыматтар боюнча эки миңдин тегерегинде адамдар курман болгон. Алардын жарымысы өзбек улутундагылар. Мындан сырткары Атамбаевдин убагында Өзбекстандын дарегине өтө катуу билдирүүлөр да жасалган.
Ал эми С. Жээнбековдун Өзбекстанга жасаган биринчи сапарынан кийин эки тараптуу кызыкчылыктагы мамилени өнүктүрүү багытында аракеттер жасала баштады. Ташкентке жасалган сапардын жыйынтыгы менен көптөгөн миллиондук контрактарга кол коюлду, соода-сатык, финансы, бажы жана илим сферасында макулдашуулар жетишилди. Эки тарап жакынкы убакыттарда товар жүгүртүүнү жарым миллиард долларга чейин жеткирүүнү жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууда кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.
Мындан сырткары С. Жээнбековдун Казакстанга жасаган сапарында Астананын Бишкек менен экономикалык жана саясый контрактарды жөнгө салууга өтө кызыкдар экендиги билинди.
Эгерде А. Атамбаев КСДП партиясынын лидерлигине келсе, анда мына ушул сыяктуу жаңыдан башталган жакшы саамалыктарга залакасы тийиши мүмкүн дешет эксперттер. Себеби, экс-президент өзүнүн партиясы аркылуу саясый процесстерге катышып жана алтургай саясый чечимдердин кабыл алынышына да таасир этиши мүмкүн. Эгерде жаңы парламенттик шайлоо өтө турган болсо, анда А. Атамбаев өзү партиянын тизмесин түзөт, алтургай шайлоодон кийин парламент спикери болуп калышы мүмкүн. Башкача айтканда, жаңыртылган Коснтитуцияга ылайык, президентке каршы тура турган саясый чечимдерди кабы алууга катышууга укук алат.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери А. Мадумаров А. Атамбаевдин КСДПга лидер болуп келүүсүнүн максаты – “Парламентти таркатуу жана өзүнүн партиясы аркылуу бийликке келүү” деп эсептейт. “Ар-Намыс” партиясынын лидери Ф. Кулов дагы “КСДПга Атамбаев лидер болуп шайлангандан кийин бийликке олигархиялык жана криминалдык, партиялык жана кландык парламент келет” дейт.
Айтор, Атамбаевдин кайрадан саясый айдыңда баш-оту менен кириши өлкө кызыкчылыгы менен төп келиши кыйын деген пикирлер арбын. Атамбаев өзү кандай ойдо экенин баарыбыз билебиз да.
Мээрбек Ниязов

1 ой-пикир

  • Садырбек Чериков says:

    Экс-ажого карата айтылган сын пикирилер жөндүү. Сокени болсо, колдош керек. Ал эми партияга экс-ажодон башка жетекчининин келиши өтө күмөн. Анын артында эч нерседен тартынбаган чоң күчтөр турат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *