Атамбаевдин таптап жүргөн мураскери ачыкка чыга баштады

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүтүшүнө бир жылдан көбүрөөк убакыт калды. Буга чейин анын ордун баса турган мураскерлердин болжолдуу тизмеси айтылып, анда Асилбек Жээнбеков, Абдил Сегизбаев, Кубанычбек Кулматов сыяктуу саясатчылардын аттары аталган. Ал эми акыркы күндөрү реалдуу мураскерлердин сап башында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары, тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тураары белгилүү боло баштады. Жакында эле Атамбаев “Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоого кошкон салымы үчүн” деп Исаковду II даражадагы Манас ордени менен сыйлады. Чындыгында бул орденге арзыган саясатчылар аз эле. Бул дагы болсо Исаковду эл көзүнө көрсөтүүнүн бир жолу болду окшойт. Ал эми бүгүн Бишкекке келген Германиянын канцлери Ангела Меркелди тосуп алуу салтанатында каркырадай тизилген министрлердин арасынан Сапар Исаковду Меркель айымга “бул менин оң колум” деп өзгөчө тааныштырды. Бул Сапар мырзанын ажого эң жакын, ишенимдүү адам экенин далилдейт. Атамбаев болсо ушундай мураскер калтырууга албетте кызыкдар. Анткени аны президенттиктен кеткенден кийинки тагдыры бушайман кылаары айдан ачык. Эгер эле оппозиция тараптан бирөө шайланып калса, анда Атамбаевдин айласы куруп калаары белгилүү. Ошондуктан ал алдын ала даярданып, “өз балдарын” бийликте калтырууга жан үрөйт. Сапар Исаковду болсо азырынча артында чоң калбыры жок, жаш саясатчы катары элге көрсөтүп, коомчулуктун ишенимине кирүүгө аркет кылышы мүмкүн. Бирок, ага чейин дагы бир жыл ашыгыраак убакыт бар. Акыркы учурда Атамбаевдин жаза басып жаткан кадамдары эл ичинде нааразычылыкты күчөтүп, даярдалган пландар өзгөрүп кетиши да мүмкүн…

Сапар Исаков К Бакиев

Булак: Кyrgyztoday   

2 comments

  • Али says:

    Атамбаев элдин канын сооруп бүттү, жок дегенде эч кимди таштабай кетсе жакшы болмок! И так Завод Фабрикаларыбыз болбогон соң, кен байлыкты тарттырып бүткөн соң, жок дегенде чек ара маселесин чече албаган Президент жана Депутаттардын кимге пайдасы бар?!

  • Абибилла says:

    Туштуктон деле мураскер тапса жарашмак! Туштуктон да бир президент чыксын эми! Отунбаева Атамбаев болду. Же татыктуу жокпу!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *