Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага кайрылуу жөнөтүштү

Эртең, 23-октябрда Конституциялык палата Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамы мыйзамсыз алынганы боюнча арызды карап чыгат.

Анын алдында Атамбаевдин тарапташтары Конституциялык палатага кайрылуу жазышканын КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди. Анда судьялардын калыстыгына ишеним артып тургандарын жазышкан.

Эске сала кетсек, ушул жылдын июнь айынын аягында Жогорку Кеңеш Атамбаевдин экс-президент макамын алуу жөнүндө токтом кабыл алган. Ошондон кийин Атамбаевдин юристтери Конституциялык палатага арыз жазган.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *