Атамбаевдин уулу атасы үчүн дуба кылууну суранды

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугунун абалы тууралуу анын уулу Кадыр айтып чыкты. Ал Фейсбуктагы баракчасына күн мурун төмөндөгүдөй пост жазган.

“Атамдын кан басымы өтө эле төмөн. Дарыгерлердин айтымында, бул каалаган убакта инсультка же инфарктка алып келиши мүмкүн экен. Анын акыркы абалынын мониторингин жашырып жатышат. Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, анын кан басымы 76га 60 болгон.

Атам өлкөгө жана элге кызмат кылууда эч качан ден соолугун аяган эмес. Досторунан эч нерсени аяган эмес. Башка президенттеринен айырмаланып, өзүнө кам көрүүнүн ордуна ал ар дайым тынымсыз иштеп келген. Атама болгон жалган маалыматтардын чабуулунун курмандыгы боло элек адамдарга атамдын саламаттыгы үчүн дуба кылууңуздарды суранам. Рахмат! Атам бизге: “Бөтөн өлкөдө бай болуп, узак жашагандан көрө, мекенде элдин арасында өлгөнүм артык” – деп айткан” – деп жазган Кадыр Атамбаев.

Кадыр Атамбаев жактоочу Замир Жоошев менен WhatsApp мессенжери аркылуу жазышкан СМС каты.

Муну менен катар, Кадыр Атамбаев атасы менен сыймыктанарын айтып, эмне болсо дагы анын жанында коргой турган үй-бүлөсү болорун айткан.

УКМК бүгүн журналисттерге Атамбаев күнү-түнү медициналык көзөмөлдө экенин айтып, Атамбаевдин балдарынын жана адвокатынын айткан маалыматтарын четке каккан.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *