Атамбаевдин жансакчысына 11 оор кылмыш боюнча айып коюлду

УКМКнын Тогузунчу кызматынын экс-кызматкери Канат Сагынбаевге өзгөчө оор жана оор 11 кылмыш боюнча акыркы айыптар коюлду. Бул тууралуу 10-январда жактоочусу Бакытбек Автандил билдирди.

Анын айтымында, Канат Сагымбаевге алгач “Бийликти күч менен басып алууну уюштуруу”, “Массалык башаламандык уюштуруу жана жарандарды тополоңго чакыруу”, “Кишилерди барымтага алууну уюштуруу”, “Киши өлтүрүүгө кол кабыш кылуу” беренелери менен айыпталган. Канат Сагымбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана курал-жарак менен ок-дарыларды уурдоону уюштуруу боюнча да айыпталып жатат.

Канат Сагымбаев бул айыптарды четке кагып келет.

“Мен тергөөгө тоскоолдук кылган жокмун. А.Атамбаевдин үйүнүн короосуна маскачан белгисиз кишилер кирип келгенде, алар өздөрү ким экенин айтышкан эмес. Күч органдарынын кызматкерлери экенин кайдан билейин, маскачан, куралчан болушса, мага берилген объектини кайтарам да. Мунун бардыгы атайын жасалган. Тергөөчүлөр “кызматташсаң, кылмыш жоопкерчилинен кутуласың” деп башында эле сунуш кылышкан”, – дейт жансакчы. Ал 9-февралга чейин камакка алынган.

Кой-Таш окуясы боюнча сотко чейин өндүрүш аягына чыкты. Эми иш менен таанышууга Башкы прокуратурага жөнөтүлөт. Андан кийин сотко өтөт. Иштин бир бөлүгү жашыруун сыр катары аныкталгандыктан, кыязы, соттук териштирүүлөр жабык эшик артында өтөт.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *