Атамбаевсиз КСДП бардык соттордо утуп чыккан

Сагынбек Абдрахманов жетектеген Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы соттордун бардык баскычында, Жогорку сотто дагы КСДПнын документтери жана мөөрү боюнча утуп чыккан. Бул тууарлуу 2-декабрда С.Абдрахманов өзү билдирди.

Анын айтымында, ал мурдагы өлкө башчы А.Атамбаев менен да соттошуп, соттор Абдрахмановду саясый уюмдун жетекчиси катары мыйзамдуу деп тапкан.

“Биздин КСДПдагы укугубузду бекитип берген документтерди гана ала албастан, ммөрүн да бербей жатышат. Ирина Карамушкина бардыгы Кыргызстандан чыгарылган деп жатпайбы. Анда дагы соттошот экенбиз. Мөөрдү, документтерди бербей, соттордун чечимин аткарбай жатышат – бул мыйзамсыз”, – дейт С.Абдрахманов. Саясый кеңеш өз мөөрүн даярдап, ошол гана легитимдүү болоорун да кошумчалады.

“Патиянын мүлкүн өлкөдөн чыгарып кетүү – бул кылмышка жатат”, – деди париянын лидери сөз аягында.

Эскерте кетсек, 2019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык тараптарынын реестрине өзгөртүү киргизген. Анда партия лидери Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылган. Ал дароо партиянын мөөрү менен акчасын талап кылган. Ошондой эле уюмдун дареги өзгөртүлгөн. Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да кайрылган. Бирок Сагынбек Абдрахманов бардык соттордун баскычтарынан утуп олтурат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *